Кыргызстан дүйнөдөгү АИВ эпидемиясы тез өсүп жаткан жети өлкөнүн бири. Мисалы, 2003-жылдан 2018-жылга чейин өлкөдө ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 19,9 эсеге өскөн [1] . 2021-жылы билик өкүлдөрү 9,2 миң АИВ менен жашагандар санын айтып чыккан болсо, ал эми 2022-жылы - 12 миңге жеткен [2] [3] .

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ВИЧ-инфекциянын таралышынын абалын салыштыруу, 2021-ж

Өлкөдө ВИЧ инфекциясынын жайылышына алдын алуу иш-чараларынын жетишсиздиги, калктын жана медицина кызматкерлеринин жуктуруу коркурунчтары жөнүндө маалымдуулугунун жетишсиздиги, ошондой эле баңги колдонуучуларынын көптүгү себеп болгон. Бул өлкөнүн түштүгүндөгү ооруканаларда бир катар АИВ-инфекциясынын очогуна алып келди, натыйжада 2005-жылдан 2021-жылга чейин 403 балага жуккан [4] [5] [6] . Буга карабастан, стереотиптер өлкөнүн АИВке каршы күрөшүүсүнө тоскоол болуп келет, 2023-жылы кыргыз депутаттары "салттуу баалуулуктарыбызга" каршы деген имиш менен АИВ боюнча жумушчу топту таркатып салышкан. Ошентип, стереотиптер өлкөдө АИВ менен натыйжалуу күрөшүүгө тоскоол болууда [7] [8] .

Жайылышы түзөтүү

Кыргызстанда АИВ инфекциясынын биринчи учуру 1996-жылы катталган [9] . Алгачкы профилактикалык иштер эки жылдан кийин эле киргизилгенине карабастан, илдетке чалдыккандардын саны бат өсүп отуруп, 2005-жылы 600 адамдан ашып, КИЖСдан 233ү каза тапкан. Каза болгондордун көбү диагноз коюлгандан кийин бир жылга жетпеген убакытта жашашкан, бул жашыруун эпидемия ыктымалдыгын көрсөтөт. Кээбир баалоолорго караганда, оорулууларрдын жалпы саны 7 миңге жетиши мүмкүн эле. Инфекция негизинен инъекциялык баңги заттар колдонуучуларынын арасында уюган, алар 2003-жылы бардык жаңы учурлардын 89% түзгөн [10] [11] [12] [1] .

Өлкөдөгү ошол учурда камакта олтургандардын көбү ийнелерди кайра колдонуп баңгизатын сайышкан. 2002-жылга карата Кыргызстанда АИВ-инфекциясын жуктуруп алгандардын жарымынан көбү Ош облусундагы бир түрмөдө болушкан [10] . Ошону менен инфекция бүткүл өлкө боюнча тез тарап, 2005-жылга карата АИВ илдети менен ооругандар дээрлик бардык аймактарда аныкталган. Ташуучулардын орточо жашы 15 жаштан 29 жашка чейин болгон [11] [12] [1].

Кыргызстан дүйнөлүк баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн негизги жолдорунун биринде жайгашып, бул калк арасында баңгичиликтин жайылышына жана АИВ инфекциясын таралышы коркунучунун жогорулашына алып келет. 2004-жылга карата инъекциялык баңги заттарынын колдонуучулары калктын эң көп жабыр тарткан тобу болгон, алардын ичинде АИВтин таралышы орто эсеп менен 6,2%ды, ал эми кээ бир региондордо 11,6%ке чейин жеткен [11] [12] [13] . Кээ бир маалыматтар боюнча, баңги заттарынын колдонуучуларынын арасында Бишкек шаарында бул көрсөткүч 65%, Ошто 91% түзгөн [10] .

2008-жылга карата АИВ Кыргызстанда экинчи орундагы эң көп таралган инфекция болуп 2031 учур катталып, кургак учуктун 5000ден ашуун учуру тастыкталган. Ал учурда жыл сайын АИВ-инфекциясынын саны 550дөн болуп өсүп жатып, бул көрүнүш 2020-жылы 675ке жеткен. Жыныстык катнаш АИВти жугузуунун негизги жолу болуп калды, анын үлүшү 2016-жылдагы 60% дан, ал эми 2022-жылы 86,7%ке чейин өстү [14] [15] [16] . Эл аралык уюмдар сексуалдык билим берүүнүн жана алдын алуу чараларынын олуттуу жетишсиздигин белгилешкен [17] .

Медицина кызматкерлеринин АИВ-инфекциясы жана анын жугуу жолдору тууралуу билиминин жоктугу кырдаалды курчутту. Жалпысынан 2005-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстанда АИВ илдети менен ооруган 403 бала катталып, алар медициналык мекемелерден жуктурган. Алар негизинен өлкөнүн түштүгүндөгү ооруканаларда медициналык шаймандарды стерилизациялоонун начардыгынан жана инфекциялык көзөмөл талаптарын сактабагандыктан болгон. Мисалы, Ош облусунда эле 2007-2008-жылдары ушундай 80 инфекция катталган. 2020-жылы гана оорулуу балдардын биринин ата-энеси сот аркылуу биринчи жолу компенсация ала алышкан [4] [5] [6] .

Узак убакыт бою Кыргызстанда АИВтин таралышы боюнча эл аралык агенттиктердин эсептөөлөрү жана расмий статистикалык маалыматтар бир топ айырмаланып келген. ЮНЭЙДСтин маалыматы боюнча, 2011-жылы өлкөдө АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдар 12 миңге жакын болгон, бул чоң кишилердин 0,4%ын түзгөн. Бирок, бийлик 2011-жылы 4,7 миң ташуучуну гана бар десе [18] , кийинки эле желе 4,1 миң деп жарыялаган [17] . Бийликтин башка билдирүүлөрүнө ылайык “АИВ/КИЖСга тиешеси барлардын” саны болгону 3,7 миңди түзгөн [19] .

2014-жылга карата АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдардын ичинен ийне аркылуу баңги затына көз карандылардын үлүшү 28,6% га чейин кыскарган [20] . 2016-жылдан бери жыныстык катнаш АИВти жугузуунун негизги ыкмасы болуп калды, бул 2011-жылы 27% болгон болсо 2016-жылы 42%га чейин өсүп, алардын арасында аялдардын санын өсүшүнө алып келген. Эң көп жабыр тарткан облус Чүй облусу болуп, 2016-жылдагы жалпы республика боюнча АИВтин жаңы учурларынын ичинен 30,2%ы, мурунку жылдары 36,8%ын түзгөн [21] . АИВ инфекциясынын жаңы учурларынын саны Бишкек шаарын эске албаганда өлкөнүн башка бардык аймактарында өскөн [13] .

Кыргызстан АИВ-инфекциясынын учурлары аз катталган өлкөлөрдүн катарына киргенине карабай, дүйнөдөгү эпидемия эң тез өсүп жаткан жети өлкөнүн тизмесине кирет. Ошентип, 2003-жылдан 2018-жылга чейин өлкөдө АИВ инфекциясын жуктургандардын саны 19,9 эсеге өскөн [1] . Көпчүлүк АИВке тестирлөө аярлуу топторго эмес, кош бойлуу аялдарга жүргүзүлгөн. Бул болсо жуктургандардын саны бир топ көп экенинен кабар бериши мүмкүн. Ар кайсы булактарга караганда Кыргызстанда 2018-жылга карата АИВ инфекциясы менен 8,3 - 8,6 миң адам катталган. Алардын ичинен 44,4% жыныстык катнаш аркылуу жуктурган, бирок инъекциялык баңги затын колдонуучулар дагы эле алып жүрүүчүлөрдүн жалпы санынын олуттуу бөлүгүн (41%) түзөт [22] [20].

2021-жылдагы маалыматтар боюнча Кыргызстанда АИВ илдетине чалдыккан 9,2 миң адам катталса, 2022-жылдын аягына карата бул сан 12 миңге жеткен [2] [3] [23]. Жаңы учурлардын 40%га жакыны кеч стадияда, бейтаптарда иммундук жетишсиздик пайда болгонуп, медициналык жардам абалды тез жакшырууну камсыздай албаган учурунда аныкталган [16] .

Дарылоо түзөтүү

2000-жылдардын башынан бери Кыргызстанда АИВке каршы күрөшүү үчүн каражаттын жетишсиздигинен улам абал татаалдашып келген. Алсак, 2002-жылы мамлекеттик программалардын жоктугунан АИВ-инфекциясы менен жашаган эки кош бойлуу аялга гуманитардык каражаттар аркылуу профилактикалык дарылоо жүргүзүлгөн. Антиретровирустук терапия мамлекеттик сектор аркылуу 2005-жылы гана жүргүзүлө баштаган. Ошол эле учурда бийлик органдары жылдар бою Глобалдык фондду, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги [10] тарабынан финансылык колдоо алып келишкен. 2020-жылы кыргыз бийлиги антиретровирустук терапияны сатып алуунун 30%ын гана каржылай алган, калганын Глобалдык фонд төлөгөн [24]. Бирок 2023-жылы АИВ менен расмий катталган 12 миңден ашык адамдын ичинен 4 миңи гана терапия алган [3].

2021-жылы Кыргызстандын Конституциялык сотунун бала багып алууда же кабыл алуучу үй-бүлөө болууга тоскоол болуучу оорулар тизмесинен АИВти алып салып, АИВ стигмасына каршы күрөшүүдө маанилүү кадам жасаган[25] [26]. Бир нече жылдан кийин Кыргызстанда АИВти жуктурган жаштардын жашоосун чагылдырган телесериал көрсөтүлгөн. Тарбия иштерине карабастан, АИВ менен жашагандар дискриминацияга дуушар болушат. Кырдаал өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө олуттуу болуп, АИВке чалдыккан кыздар жана аялдар консервативдүү жана диний адеп-ахлактарга дуушар болушат [27] [28].

Коомдук стереотиптер өлкөдө АИВке каршы күрөшүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Кыргыз бийлиги АИВке каршы күрөшүү үчүн чет элдик инвестицияга таянганына карабай, АИВ-инфекциясынын жумушчу тобун 2023-жылы “салттуу баалуулуктарга” каршы деп таратып салган. Эң жөнөкөн алдын алуу иш-чарасы болгон эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектерге презервативдерди таратуу иштери сынга кабылган. Депутаттар АИВке каршы күрөшүү боюнча ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнө багытталган долбоорлорго да каршы чыгышкан [7]. Мындан улам Кыргызстан Глобалдык фонддун 29 миллион доллар өлчөмүндөгү грантынан ажырап калышы мүмкүн болгон [8].

Мындан тышкары, аярлуу топтордун мүчөлөрү көбүнчө саламаттыкты сактоо мекемелеринде стигмага жана дискриминацияга туш болушат. Дарыгерлерге баруудан баш тартып, ден соолугуна коркунуч келтиришет [29]

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 Отчет по проведению ситуационного анализа в сфере предоставления услуг по профилактике, диагностике и лечению инфекций, передающимся половым путем (ИППП) в гг.Бишкек и Ош. UNFPA (2019). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "otchet" defined multiple times with different content
  2. 2.0 2.1 Лагерь по повышению лидерских качеств в сфере ВИЧ и сексуального и репродуктивного здоровья. ЮНФПА (20 -август (баш оона) 2022). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "dvenadcat" defined multiple times with different content
  3. 3.0 3.1 3.2 New Channels of Distribution will Make HIV Self-testing More Accessible in the Kyrgyz Republic. U.S. Embassy in The Kyrgyz Republic (21 -февраль (бирдин айы) 2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "embassy" defined multiple times with different content
  4. 4.0 4.1 Интервью: Получение компенсации для детей, инфицированных ВИЧ в медицинских учреждениях. United Nations Development Programme (14 -декабрь (бештин айы) 2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  5. 5.0 5.1 "У вашего ребенка ВИЧ". Как матери в Кыргызстане борются с приговором врачей и общества. Би-би-си (5 -июнь (кулжа) 2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  6. 6.0 6.1 Девять детей заражены ВИЧ-инфекцией: минздрав приводит официальные данные. Kloop (31 -июль (теке) 2007). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  7. 7.0 7.1 Комитет по борьбе с ВИЧ/СПИДом расформирован после обсуждения гранта от Глобального фонда. Kloop Media (28 Апрель 2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  8. 8.0 8.1 Kyrgyzstan’s MPs put vital HIV funding at risk over ‘national traditions’. Oen Democracy (16 -май (бугу) 2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  9. Эпидемиологический надзор за ВИЧ-инфекцией. Республиканский центр по контролю за гемоконтактными вирусными гепатитами и вирусом иммунодефицита человека (2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  10. 10.0 10.1 10.2 10.3 Summary Countryprofile for HIV. Kyrgyztan. WHO (2005). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  11. 11.0 11.1 11.2 Выполнение Декларации о приверженности делу борьбы с ВИЧ/СПИДом (UNGASS). UNAIDS (2004). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  12. 12.0 12.1 12.2 Оценка устойчивости ответа на ВИЧ среди ключевых групп населения в контексте перехода от поддержки Глобального фонда на государственное финансирование. EACB (2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  13. 13.0 13.1 Исследование в сфере ВИЧ/СПИДа в Кыргызской Республике. UNAIDS (2015). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  14. National Focal Point. UNODC (2010). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  15. В 2020 году в республике выявлено 675 ВИЧ-инфицированных. Национальный комитет статистики Кыргызской Республики (1 -декабрь (бештин айы) 2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  16. 16.0 16.1 Сколько случаев ВИЧ в Кыргызстане? Официальные данные о заболеваемости. Kaktus.media (1 -декабрь (бештин айы) 2022). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  17. 17.0 17.1 Young people. UNFPA (2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  18. HIV/AIDS policy-making in Kyrgyzstan: a stakeholder analysis. Oxford University Press (14 -декабрь (бештин айы) 2013). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  19. ВИЧ/СПИД угрожает населению Кыргызстана. Радио Азаттык (14 -сентябрь (аяк оона) 2011). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  20. 20.0 20.1 Показатель уровня стигмы людей, живущих с ВИЧ. Аналитический отчет. Центрально-азиатская ассоциация людей, живущих с ВИЧ (2015). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2023.
  21. Справка о ситуации по ВИЧ-инфекции в Кыргызской Республике: проблемы и перспективы. Правительство Кыргызстана (2011). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  22. презентация-методического-пособия-по-профилактической-работе-по-охране-сексуального-и Презентация Методического пособия по профилактической работе по охране сексуального и репродуктивного здоровья людей, живущих с вирусом иммунодефицита человека (ВИЧ) и ключевых групп населения. ЮНФПА (14 -сентябрь (аяк оона) 2018). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  23. Названо число зараженных ВИЧ-инфекцией в Кыргызстане. Sputnik (16 -май (бугу) 2022). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  24. Как граждане Кыргызстана с ВИЧ-положительным статусом получают терапию вне страны. Региональная экспертная группа по здоровью мигрантов (26 -май (бугу) 2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  25. People living with HIV in Kyrgyzstan have won the right to adopt. UNAIDS (12 -февраль (бирдин айы) 2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  26. ВИЧ-инфицированные в Кыргызстане добились права на усыновление. ВОЗ (16 -февраль (бирдин айы) 2021). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  27. Художественный рассказ. UNAIDS (2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  28. Подход «Позитивная девиация» открывает путь к равным возможностям для молодежи в борьбе со стигмой ВИЧ/СПИДа в Кыргызстане. ООН (5 -январь (үчтүн айы) 2023). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.
  29. USAID Project Identifies Over 1,200 New HIV Cases in Kyrgyzstan. U.S. Embassy in The Kyrgyz Republic (5 -август (баш оона) 2020). Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2023.

Шилтемелер түзөтүү