Чүй облусу

Кыргызстандагы облус

Чүй облусу — Кыргызстандын түндүк жагында Чүй өрөөнүндө жайгашкан. 21 ноябрь 1939 жылында уюштурулган.

Чүй облусу
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Чүй облусу картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Облус

Курамында:

4 шаар, 9 район

Акимий борбору:

Токмок

Ири шаарлары:

Кара-Балта, Кант

Түзүлгөн убакыты:

21-ноябрь, 1939

Губернатору:

Бактыбек Жапарович Кудайбергенов

Ырасмый тили:

Кыргыз тили

Калкы (2019):

941 100[1]

Жыштыгы:

40,5 адам/км²

Жер аянты:

20,2 миң км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Эң бийик чекити
 • Эң төмөн чекити



 4895 м
 550 м

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KG-C

Унаа коду:

C, S, 08

Ырасмый сайты
Commons-logo.svg Чүй облусу Уикиказынада

Облуста 4 шаар, 5 шаар түрүндөгү айыл, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар.ЧҮЙ ОБЛУСУ Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. ж-а батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалалабат, Нарын, чыгышынан Ысыккөл облустары м-н чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ- нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу. Табияты. Облустун аймагын Чүй, тоо аралык Чоң Кемин ж-а Суусамыр өрөөндөрү, о. эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күнгөй, Талас Алатоолорунун, Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун капталдары түзөт. Абсолюттук бийиктиги 550 мден (Чүй өрөөнүнүн Камышановка кыш. туштагы түн. чет-жакасы) 4895 мге чейин (Кыргыз Ала- тоосундагы Аламүдүн чокусу). Облустун аймагынын басымдуу бөлүгүн Чүй өрөөнү ээлейт. Өрөөн негизинен түн.-батышты карай эңкейиш келип, батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү Чүй д-на жакындаганда дээрлик жайык түздүккө айланат. Андан жогору адырлар ж-а дөңсөөлөр (айрыкча Бишкек ш. тушта), этек тоолор көтөрүлүп турат. Алар- дын 1-тилкеси Аларча, Аламүдүн ж-а Норус сууларынын өрөөндөрү м-н тилмеленет, айрым дөңсөөлөрдү – Бешкүнгөй (бийикт. 1150 мге чейин), Басбөлтөк (1400 м), Шороба- шат (1750 м) ж. б. пайда кылат. Андан түштүгүрөөк, этек тоолордон бийигирээк этек тоо-дөбө-дөңсөөлөрдүн 2-тилкеси созулуп жатат. Аларды 1-тилкеден кеңдик багытта жаткан Байтик өрөөнү бөлүп турат. Кыргыз Алатоосунун капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска ж-а тик, түндүгү жазы, айрым айрыктары 20 кмге жетип, өрөөн капчыгайлуу; ирилери: Ашмара, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Коңорчок, Байдамтал, Түн. ж-а Чыгыш Каракол ж. б. 3500 м бийиктиктен жогору аска-таштуу, кар-мөңгүлүү алкак башталат. Чүй өрөөнү чыгышта Кичи Кемин өрөөнүнө өтөт. Чыгышта Иле ж-а Күнгөй Алатоолорунун аралы- гында Чоң Кемин өрөөнү жайгашкан. Аталган тоолор чыгышта бири-бирине жакында- шып, Кемин-Челек тоо тоомун пайда кылат. Чоң Кемин өрөөнүнүн чыгышында Көгой- рок жайлоосу бар. Ал эми облустун түш. бөлүгүн Кырг-ндагы ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнү ээлейт. Ал деңиз деңг. 2000–3200 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөн батышты карай кууштап, таманы бийиктейт. Батышы Дубанкечүү өрөөнү, борб. бөлү- гү – Суусамыр, чыгышы Батыш Каракол өрөөнү деп аталат. Кен байлыктарынан алтын (Талдыбулак, Далпраң, Камоотөр), темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементтер (Актүз) бар. Металл эмес кендер да арбын: кум, чопо, мергель, туз, тальк, гранит-сиенит, акиташ теги, мрамор, гранит, кварцит. Тектон. жаракаларга тутумдаш жерлерден минералдуу, ысык суулар жер бетине агып чыгат (Ысыката, Аламүдүн, Аксуу капчыгайларында).Климаты ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түндүгүндөгү түзөң бөлүгүнүн климаты континенттик, кургак, жайы ысык, кышы мелүүн, суук. Июлдун орт. темп-расы 17–25°С, январдыкы –7°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 270-400 мм. Бийик жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы –20…–21°С, жылдык жаан-чачы- ны 350–370 мм. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын темп-расы төмөндөп, жаан- чачындын (айрым тоолордун түндүккө ж-а батышка караган капталдарында) өлчөмү арбыйт. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 жеткен 582 мөңгү бар, көбү борбордук бөлүгүндө. Чоң Кемин суусунун башы мөңгү чордону болуп саналат.

Улуттук курамыОңдоо

ШилтемелерОңдоо

  1. 2014-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистикалык Комитетинин маалыматы


Кыргызстандын акимий бөлүнүүсү  
Облустар: Баткен облусу · Жалал-Абад облусу · Нарын облусу · Ош облусу · Талас облусу · Чүй облусу · Ысык-Көл облусу
Шаарлар: Бишкек · Ош