Ааламдашуу түшүнүгү — мазмуну жана багыттары – XX к. 50-ж. тартып саясий өзгөрүүлөрдүн жана саясий өнүгүштөрдүн түрлөрү: жаңылоо, транзитология, туруктуу өнүгүш сыяктуу ар кандай теориялардын алкагында изилдене баштады. «Үчүнчү дүйнө» өлкөлөрүндө саясий өзгөрүүлөр жүрүшүн эң биринчилерден болуп жазып чыккан жаңылоо көз карашы болду. 50–60-жж. жаңылоо теориясы батыш саясат таануусунда жигердүү башталган. XX к. 60-ж. аягы – 70-ж. башында жаңылоо теориясы кайра карап чыгууларга жана шектенүүлөргө туштукту. Универсалдуулукка болгон жаңылоо көз карашынын дооматтары сынга алынды. Окумуштуулар коомдордун саясий жана социалдык-экономикалык түзүлүштөрүнүн өзгөрүшү батыш үлгүсү боюнча гана жүрбөйт деген тыянакка келишти. Өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдөгү салттык институттар менен баалуулуктардын жашашы жаңылоо жолуна тоскоол болбойт. Негизги басым жаңылоонун универсалдык чен-өлчөмдөрүн сактоодо улуттук өзгөчөлүктөрдү эсепке алууга коюлду. Анын үстүнө жүргүзүлүп жаткан өзгөртүүлөрдүн маңызы капитализмге эмес, өзүнчө улуттук түрлөрү бар дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин өзүнө камтыган өнүгүүнүн жаңы, натыйжалуураак үлгүсүнө өтүү катары каралды. Өзгөчө маани каржылык тутумду турукташтырууга, бюджеттин тең салмактуулугуна берилди. Талаптардын бул пакети: алмаштыруунун өзгөрмө курсу; соода тоскоолдорун азайтуу; өндүрүш чыгымдары өтө эле аз, өндүрүш уюштура ала турган өлкөлөрдө трансулуттук корпорацияларды түзүү; улуттук экономикада мамлекеттин жөнгө салуучулук милдетин бошоңдотуу сыяктуу негизги элементтерден туруп, «Вашингтон тил табышуусу» деген ат менен белгилүү болгон. «Вашингтон тил табышуусу» деген атоо биринчи ирет 1998-ж. англиялык изилдөөчү, Лондон экономика мектебинин профессору Жон Грей тарабынан колдонула баштаган (бирок америка булактары бул терминди 1990-ж. биринчи ойлоп тапкан Жон Уиллиамсон болгон деп эсептешет). 80-ж. аягында постжаңылоо теориясын алмаштырган жаңы идея – ааламдашуу идеясы пайда болгон. «Глобалдашуу» термини тигил же бул жүрүштөрдүн жалпы планетардык мүнөзүн билдирген латын термини «глобус» (жер, жер шары) менен байланышкан. «Ааламдашуу» термини өзүнүн жалпы маанисинде экономиканы интернационалдаштыруу, дүйнөлүк байланыштардын жалпы тутумун өнүктүрүү, улуттук мамлекеттердин милдеттерин начарлатуу жана өзгөртүү, мамлекеттик эмес, трансулуттук түзүлүштөрдүн, анын ичинде улуттук диаспоралардын, диний кыймылдардын, мафиоздук топтордун ишмердигин жигердентүү. Ааламдашуу тең эместиктин тереңдешине, дүйнөнүн жаңы үлгүсүнүн пайда болушуна алып келет. Жаңы дүйнө катнашы 20:80, же дүйнөнүн бештен бир бөлүгүн түзөт. Болгон байлыктардын 80% «алтын миллиард» аталгандар, Жер шарынын (анын ичинде АКШ менен Батыш Европа өлкөлөрү – дүйнөлүк ресурстардын 70%) калкынын бешинчи бөлүгүн гана түзгөндөр көзөмөлдөп турушат. 20% гүлдөп өскөн өлкөлөр дүйнөлүк БУКтун 84,7%ына кожоюндук кылышат, алардын жарандарына дүйнөлүк сооданын 84,2% жана ички эсептердеги жыйган акчалардын 85,5%ы туура келет. XX к. 60-ж. тартып бай өлкөлөр менен жарды өлкөлөрдүн ортосундагы ажырым эки эсеге көбөйгөн. Америкалык изилдөөчү П.Ратленд ааламдашуунун алты негизги белгисин бөлүп көргөзөт: - Маалыматтык технологиялардагы революция. - Негизи неолибералдуулук («Вашингтон тил табышуусу») болуп саналган эко-номикалык революция. - Либералдык демократиянын (либералдык-демократиялык баалуулуктардын) салтанаты. - Улутчулдук саясаты жана чектөө. Ар бир улутка улутчулдуктун, аймакчылыктын жана экономикалык ааламдаштыруунун айкалыш түрлөрүн издөө керек кылынат. - Түз байланыштар. Аймактык соода-экономикалык жана саясий топтордун мааниси өсөт. - Карама-каршылаштыруу. Мамлекеттер аралык теңсиздиктин өсүшү айрым бир өлкөлөрдүн ичиндеги теңсиздиктин өсүшү менен байланышкан. Ааламдашуунун терс натыйжалары. Ааламдашуунун артыкчылыктарын бөлүштүрүүнүн бир кылка эместигин эске алуу менен конкрет өлкөдөгү ааламдашуу жүрүшүнүн терс натыйжалары бул өлкөнүн дүйнөлүк экономикадагы ээлеген ордуна көп байланыштуу болот. Ааламдашуу жүрүшүнүн маанилүүрөөк терс натыйжалары: 1. «Бай» жана «жарды» өлкөлөрдүн калкынын жашоо деңгээлиндеги аябагандай чоң диспропорциялар андан ары өсөт. Аларга экономикалык жактан өтө артта калган өлкөлөр менен аймактар гана эмес, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, Латын Америкасынын, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азиянын көптөгөн мамлекеттери кирген бир топ эле чоң аймактары кошулуп кетет. 2. Ааламдашуу жашоонун батыш стили, көпчүлүк маданият жана ой жүгүртүү түрлөрүн экспансиялоо менен да байланышкан. Ааламдашуу жүрүшү көптөгөн өлкөлөрдө, жада калса Европа Союзуна кирген, мис., Франция, Германия ж.б. улуттук өзүнчөлүктү сактоого умтулуу жана бири-бирине каршы багыттарды алып келет. Ааламдашуута жооп катары улутчулдуктун өсүшү жана аймактык, анын ичинде Борбордук Азияда биригишүүнү өнүктүрүү пайда болот. Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн ааламдашуу кыйынчылыктарын жана коркунучун алардын экономикалык жана укуктук тутумдарынын жетишсиз даярдыгы менен шартталган экономикалык күч-кубатынын төмөндүгү пайда кылаарын белгилеп коюу керек. Ааламдашуу экономиканын чет жактардагы үлгүсүн бекемдөөгө жана өнүгүүнүн булактарын жоготууга алып келет. Ааламдашуу азыркы мамлекеттин маани-маңызына жана милдеттерине бир топ эле таасир бергендиктен, улуттук эркиндиктин бузулушу бул өлкөлөр үчүн олуттуу маселе болуп калат. Ааламдашуу жүрүшүнө каршылык көрсөтүү борборлору жана нааразы болуунун айрым бир көрүнүштөрү азыркы шарттарда, бир кылка эмес жана өзүнө окшошпогон максаттары менен иш-аракеттери бар ар түрдүү бирикмелерди киргизген трансулуттук социалдык бирдиктүү-ааламдашууга каршы кыймылына кошулуп кетишкен. Кыймылдын радикалдарынын иш-аракеттери ааламдык чоң-чоң иш чаралар өткөрүлгөн кездерде чуулгандуу-талоончул мүнөздө болот. Бүгүн ааламдашууга каршы кыймылдын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн башкаруучу саясий элитасына таасирин күчөтүүгө мүмкүндүк бере турган өзүнүн парламенттик тутуму бар. Ааламдашуунун оң жыйынтыктары. Ааламдаштыруунун жүрүшүнүн оң жыйынтыктары (артыкчылыктары) катары төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот: 1. Баалардын төмөндөшүнө жана чыгымдардын кыскарышына, демек туруктуу экономикалык өсүшкө алдын жетишинче алып келе турган өндүрүш деңгээлиндеги экономия ааламдашуу жүрүшүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет. 2. Ааламдашуу артыкчылыктары бардык тарапты канааттандырган өз ара пайдалуу негиздеги эркин сооданын утушу менен да байланышкан. 3. Ааламдашуу атаандаштыкты күчөтүү менен бардык өлкөлөрдүн ичинде жаңы технологияларды андан ары өнүктүрүүгө жана жайылтууга колдоо көргөзөт. Ааламдашуунун артыкчылыктары өлкөлөр чет элдик мамлекеттердин туура келген чөйрөлөрүндөгү алдынкы илимий-техникалык, технологиялык жана кесиптик деңгээлин пайдалануудан алган экономикалык пайдалар менен да аныкталат, бул учурларда жаңы чечимдерди ишке киргизүү кыска мөөнөттөрдө жана салыштырмалуу аз чыгымдар менен жүргүзүлөт. 4. Ааламдашуу эл аралык атаандаштыктын өнүгүшүнө мүмкүндүк берет. Сөз өзүнчө мамлекеттин же корпорациянын күчү келбей бараткан жаңы атаандаштык чөйрөлөр жана салттык базарлардагы катуураак атаандашуулар жөнүндө бара жатат. Дүйнөлүк экономикадагы ааламдашуу жүрүштөрү баарынан мурун керектөөчүлөргө пайда, анткени атаандаштык аларга тандоо мүмкүндүгүн берет жана бааларды түшүрөт. 5. Ааламдашуу дүйнөлүк деңгээлде өндүрүштү рационалдаштыруу жыйынтыгында эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана алдынкы технологияларды жайылтууга, ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде инновацияларды үзгүлтүксүз киргизүү пайдасына жасалган атаандаштык кысымчылыктарына алып келет. 6. Ааламдашуу өлкөлөргө каржылык булактардын көбүрөөк көлөмүн пайдалана ала тургандай мүмкүндүк берет, анткени инвесторлор базарлардын көбөйгөн санында каржылык кенен куралдарды колдонушу ыктымал. 7. Ааламдашуу адамзаттын жалпы маселелерин, биринчи кезекте ар кандай чөйрөлөрдө иш-аракеттердин жөнгө салынышын, байлыктардын биригишин, дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин баш кошушун шарттаган экологиялык маселелерди чечүү үчүн олуттуу негизди түзөт. 8. Ааламдашууда ыкчамдык өсөт жана байланыштар ылдамдайт. Ааламдашуунун терс жактарынын бири болуп эсептелген бай менен кедейлердин ортосундагы технологиялык ажырымдын аныктыгына карабастан, интернеттин жана башка техникалык каражаттардын өнүгүшүнүн оң натыйжасы элдин бир өлкөдөн экинчи өлкөгө баруусу жана башка элдер менен түзүлгөн алакасы болуп калды. Бул бизге тажрыйба алмашууга жана бири бирибизден, башка маданияттардан үйрөнүүбүзгө мүмкүндүк берет. 9. Ааламдашуу акырындык менен чек аралардын ачылышына жардам болот. (А.А. Акунов, Г.С. Мамбеталиева, Саясат таануу, Бишкек-2014)