Лондон, Чоң Лондон (Greater London) – Улуу Британия Кошмо королдугунун жана Улуу Британия жана Түндүк Ирландия борбору. Түндүк деңизинин жээгинде, Темза дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан порт (жылына 60 млн т жүк ташылат). Калкы 8,4 млн (2013). Калкынын саны боюнча дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири. Европадагы экинчи эн ири шаар болуп эсептелет.[1]

Отурукташкан жай
Лондон
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Улуу Британия
Статус Борбор-шаар
Координаттар 51°30′26″ с. ш. 00°07′39″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 33 аймак
Мэр Садик Хан
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 43-жылдары
Мурунку аталышы Лондиниум, Люнденбург
Климатынын түрү мэлүүн климат
Убакыт аралыгы UTC0, жайында UTC+1
Калкы
Расмий тили англис тили
Калкы 8,174,100 адам (2011-жыл)
Жыштыгы 4761 адам/км²
Агломерация 12 300 000 - 13 945 000 чейин
Улуттук курамы англичандар (57,7 %), ирландиялыктар (2,4 %), мигранттар (индустар, нигериялыктар, пакистандыктар, бангладештиктер, кениялыктар ж.б.) 30,9%
Диний курамы христиандар (58,2 %), атеистер (15,8 %),
мусулмандар (8,5 %)
Этнохороним лондондук, лондондуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +44 20
Расмий сайты http://www.london.gov.uk/  (англ.)
Лондон (Улуу Британия)

Эл аралык аэропорттору (Хитроу жана Гетуик) бар. Чоң Лондон конурбациясынан (33 шаар округунан) турган өзгөчө административдик бирдикти – метрополитен графтыгын түзөт. Лондон – дүйнөлүк финансы, ишкер, маданий жана туристтик борбор.

Лондонго тиешелүү райондор – Сити, Вестминстер (король резиденциясы; Бyкингем ак сарайы), Уэст-Энд (заманбап курулуштар жана соода түйүндөрү), Ист-Энд (шаардын эски бөлүгү жайгашкан). Булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Вестминстер аббатчылыгында готика стилиндеги чиркөө Генрих VIIIнин капелласы менен (1503–19), Тауэр чеби (11-к.), Хэмптон-корт ак сарайы (1515), Ыйык Павел собору (1675–1710, арх. К. Рен) сакталган.

Лондон римдиктер тарабынан биздин заманга чейин 50-жылдары чеп катары (Темза дарыясынын боюнда) негизделип, кийин дарыя жана деңиз соода порту, 1-кылымдын 2- жарымынан Римдин Британ провинциясынын борбору. 5–6-кылымда англ-сакстар басып алган, 7- кылымдан порт жана соода борбору катары кайра калыбына келе баштаган. 604-жылдан епископчулуктун борбору. 9–11-кылымда бир нече жолу викингдердин кол салуусуна дуушар болгон. Англияны норманндар караткандан (1066) кийин соода байланышы күчөп, 11-кылымдын аягы – 12- кылымдын башында Англиянын расмий борбору. 1265-ж. шаарда 1-жолу парламент чакырылган. 16-кылымда Лондондо ири соода кампаниялары (Москва кампаниясы, 1554 же 1555; Британиялык ОстИндия кампаниясы, 1600 ж. б.) түзүлгөн. 18- кылымдын башында Лондон дүйнөлүк финансы борборуна айланып, Лондон Ситиге эбегейсиз капитал топтолгон. 1800-ж. Лондондун калкы 1 млндон ашкан. 1829-ж. Лондондо омнибус пайда болгон, 1860– 63-ж. дүйнөдөгү биринчи метрополитен курулган. 19-кылымда Лондон жумушчу кыймылынын ири борбору жана чартисттик кыймылдын (к. Чартизм) очогу болгон. 1847-ж. Лондондо коммунисттер союзунун 1-, 2-конгресстери өтүп, 1864-ж. 1-Интернационал негизделген. 1900-ж. Лондондо Лейбористтер партиясы түзүлгөн. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында анда революциячыл эмигранттар К. Маркс (1849–83), Ф. Энгельс (1870–95), Париж коммунасынын (1871) көп мүчөлөрү, А. И. Герцен жана башка иш жүргүзгөн. «Искра» гезити чыгарылган. Лондондо Лениндин жетекчилиги менен 1903–07-ж. РСДРПнин 2-, 3-, 5-съезддери өткөрүлгөн. 1920-ж. 31-июль – 1-августта Лондондо Улуу Британия компартиясынын уюштуруу съезди болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта германиялык авиациянын бомбалоосуна дуушар болуп, шаарды калыбына келтирүү 1950-жылдардын биринчи жарымына чейин созулган. Лондондун бүткүл шаардык агломерациясы 1965-жылдан Чоң Лондон деп аталат. Лондондо 1949-жылдан тынчтыкты коргоо боюнча улуттук конгресстер жана конференциялар өткөрүлөт. Лондондо көптөгөн дипломатиялык жолугушуулар, кеңешмелер жана эл аралык конференциялар болуп турат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина (негизинен авиа) жана прибор куруу, металл иштетүү, кеме ремонттоо, электр-техника, радиоэлектроника, тамак-аш – татымал, кагаз, полиграфия, химия, тигүү жана башка. Өлкөнүн илимий жана маданий очогу. Университет (1836), Лондон королдук коому (1660), Британия (1901) жана Королдук искусство академиялары, Лондон географиялык коому, техникалык ЖОЖ, Улуу Британия королдук институту жана башка илимий мекемелер жана илимий коомдор бар. Үч жүздөн ашык музей (анын ичинде Британия музейи, Виктория жана Альберта музейи жана башка), улуттук жана Тейт галереялары, Уоллес жыйнагы, 80ге жакын театр (анын ичинде «Олд Вик», королдук Шекспир театрынын филиалы, «Ковент-Гарден», «Ройял-Корт», «Друри-Лейн») жана башка иштейт. IV, XIV, ХХХ олимпиялык оюндар (1908, 1948, 2012) өткөрүлгөн. Лондондогу Хайгет бейитине К. Маркстын сөөгү коюлган.[2]

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  1. Кантип Англияга сапарын уюштуруу?
  2. Лондон шаары тууралуу пайдалуу маалымат Archived 2021-02-22 at the Wayback Machine