Аалы кызы Назира (4. 11. 1976-ж.т., Бишкек шаары) - 1994-1999-жылдарда Бишкек Гуманитардык Университетиңде окуп «саясат таануучу» деген адистикти артыкчылык менен бүтүрөт.

2001-жылы КМУдан «юриспрудендия», адистиги боюнча экинчи жогорку билимге ээ болот. Ошондой эле Арабаев атындагы университеттин аспирангурасында да окуйт. Эмгек жолун БГУда окуп жүргөн кезде эле 1995-1997-жылдарда «АКИпресс» маалымат агенттигинин аналитикалык журналында баяндамачылык иш менен баштайт. БГУну бүткөндөн кийин Арабаев атындагы университеттин чыгыш тилдери жана чыгыш маданияты институтунун гуманитардык дисциплиналар боюнча «Эл аралык укук», «Геосаясат», «саясат таануу» кафедраларыңда 2000-2002-жылдарда окутуучу болуп иштейт. Кийинки жылдарда Кыргыз телерадиокорпорациясына которулуп адегенде «Ала Тоо» маалыматтык программасын алып барып, ошол эле убакытта ал программанын кабарчысы да болот. Материалдарды жыйноо, сюжеттерди, интервьюларды, репортаждарды даярдоо менен тажрыйба топтоп, такшалат. Ошондой эле эртең мененки «Замана» студиясын алып баруучусу да болуп иштейт. Мына ушунун бардыгы анын бөксөлүгүн толтуруп, чыгармачылык дараметин арттырат, көз карашын кеңейтет. 2006-2007-жылдарда өлкөдөгү эң алдыңкы маалымат агенттиги «АКИпресстин» интернет-сайтында редактор болуп эмгектенет. Ал эми 2007-2009-жылдарда «5-канал» телестудиясынын «Майдан» программасынын, саясий-аналитикалык «Жума сереп» берүүсүнүн алып баруучусу, «Салт санат» маданий долбоорунун автору болуп чыгармачылык диапозонун кеңир сюжетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле мамлекеттик органдар, коомчулук, маданият, адабият ишмерлери, эксперттер, элдин кеңири катары менен тыгыз байланышта иш алып барган менеджерлик кызматты да аткарат.

Ушул иш менен өлкөнүн расмий өкүлдөрүнун катарында бир нече чет өлкөлөрдө командировкаларда болуп аларды өз чыгармачылыгында кеңири чагылдырган. 2009-жылдан бери Кыргыз телерадиокорпорациясынын «Ибарат» аттуу эң чоң маданий-таанып билүүчү борборунун башкы редактору-продюссери кызматында өзүнун чыгармачылык менен жаңыча изденүүчүлүгүн, жаңыча көз карашын, ишти жаңыча уюштура ала тургандыгын көрсөтө алды. Азыр ал жетектеген «Ибарат» борбору телекөрүүчүлөрдүн эң жогорку баасына татып олтурат. Ар кандай чыгармачылык жогорку деңгээлдеги берүүлөрдөн башка «Тоолуктардын ток-шоу», «Маданият майданы» деген телеберүүлөр да көрөрмандардын көңүлүнө төп келип, чоң кызыгууларды жаратууда. Албетте, «Ибаратты» жетектегенге чейин Назира айым көп жолдорду басып бышып жетилди, көзү ачылды.

Анын жетекчилиги астында телекөрүүчүлөрдүн арасыңда эң жогорку рейтингге ээ болгон тарыхый, маданий ири долбоорлор ишке ашырылды. Н.Аалы кызы өзүнүн чыгармачылык жаңычыл ишмердүүлүгу үчүн көптөгөн эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган.

Анын ичинде эл аралык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу Академиясынын (Израиль) фестивалынын лауреаттыгына, Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломаттыгына, бир канча басма сөз каражаттарынын сунушу менен (2010-жыл) «Жылдын мыкты продюссерлигине», «2012-жылдын мыкты журналисттигине" (өкмөттүк «Эркин Тоо» газетасынын өтүнүчү менен) ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4