"Аары фабрикасы" (англ. The Wasp Factory) - 1984-жылы жарыкка чыккан шотланд жазуучу Иэн Бэнкстин алгачкы романы. "Аары фабрикасы" романынын басылып чыкканына чейин, Бэнкс бир канча илимий фантастика романдарды жазган бирок алар коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган жок. Ушундан кийин Бэнкс, көпчүлүккө жага турган романды жазууну чечип, алыскы шотланд аралында жашаган психопаттык өспүрүм жөнүндө роман жазган. Бэнкстин ою боюнча, бул роман дээрлик илимий фантастика романына окшош: шотланд аралы планета катары каралса, негизги каарманы Фрэнк, ошол планетанын тургуну катары каралышы мүмкүн. "Аары фабрикасы" романы басылып чыгып ийгиликке жеткенден кийин, Бэнкс өзүнүн убактысын толугу менен жазууга бөлүп, өзүнүн өлүмүнө чейин (2013-жылга чейин) бир канча роман дагы жазган, алардын ичине "Маданият" (англ. Culture series) серияларына кирген белгилүү илимий фантастика романдары да кирет.

"Аары фабрикасы" романы 16-жаштагы Фрэнсис Колдхейм ("Фрэнк") атынан баяндалат, ал өзүнүн балалык кезин жана ал мезгилден калган баардык нерселерди сүрөттөп берет. Фрэнк өзүнүн ойлоп чыгарылган нерсеси шаманизм ырым-жырымдарга ээ болгонун байкагандан кийин, ал, тогуз жашына чыга электе, үч баланын өлүмүнүн себеби болот.

Китеп ар-кандай ой-пикирлерди жараткан, терс пикирлери романда көрсөтүлгөн жийиркенердик зомбулук сахналарына тийиштүү. The Irish Times гезити романды "теңдешсиз насаатсыз чыгарма" деп атаган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү