Ибрахим «Абай» Кунанбай уулу (Казакча: Ибраһим «Абай» Құнанбайұлы), 20-июль (10-август) 1845, азыркы Абай облусу, Абай району, Караул айылы — 23-июнь (6-июль) 1904, ошол эле жерде) — казак улуу акыны, агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу, композитору.

Ибрахим «Абай» Кунанбай уулу
Туулган датасы:

10-август 1845

Туулган жери:

Абай облусу, Абай району, Караул айылы

Өлгөн датасы:

6-июль 1904

Өлгөн жери:

Абай облусу, Абай району, Караул айылы

Ишмердүүлүгү:

акын

Атасы Кунанбай түпкүлүктүү бий тукумунан чыгып, өзү да дубанга аким болуп шайланган. Айылдык молдого окуткан балдарынын ичинен Абайдын сергек чыкканын көрүп, аны Семей шаарындагы медресеге жиберет, анда 4 жылдай таалим алып, иран, араб, түрк классиктери жараткан чыгармалар менен таанышат, аларга таасирленип ыр жаза баштайт. Анын алгачкы ырларында казак оозеки поэзиясынын жана чыгыш акындарынын салттары айкын байкалат. Абай медреседен орус тилинде окуп, бир аз сүйлөп, китеп окуганга жарап калат. Бирок Абай окуусун андан ары улай алган эмес, анткени аны атасы Кунанбай айылга чакырып алып, эл башкаруу иштерине аралаштырат. Коомдук-саясий иштерге аралашуусу Абайдын социалдык уюштуруучулук тажрыйбасын арттырат. Абай орус тилин дагы терең үйрөнүп, өз алдынча окуп, билимин уланта берет. Анын эстетикалык табитинин, коомдук-саясий жана философиялык көз караштарынын калыптанышына орус адабиятынын классиктери Александр Пушкин, Иван Крылов, Михаил Лермонтов, Лев Толстой, Михаил Салтыков-Щедрин, Виссарион Белинскийдин чыгармалары, байыркы грек философтору Аристотель менен Сократтын, чыгыш окумуштуулары Ибн-Сина, Беруни жана башка эмгектери зор таасир тийгизген. Абай Семей аймагында алдыңкы саясий көзкараштары үчүн сүргүнгө келген орус окумуштуулары Н. И. Долгополов жана Е. П. Михаэлис менен таанышып, алардан аздыр-көптүр саясий таалим алган. Абайдын адабий мурасы бай жана ал негизинен үч бөлүктөн турат: өзүнүн поэтикалык чыгармалары; башка тилдерден, көбүнчө орусчадан которгондору; карасөз менен жазылган санаттары. Ал өз ырларында ошо кездеги актуалдуу коомдук-саясий маселелерди, өмүр, заман, махабат тууралуу түбөлүктүү темаларды козгойт; казак коомундагы курч социалдык карама-каршылыктарды көрсөтүп, уруучулук араздашууларга, адилетсиздикке каршы чыгат; мекендештерин илим-билимге, орус маданиятын үйрөнүүгө чакырат. Абай ырларын кагаз бетине 80-жылдын ортосунан түшүрө баштаган. Акындын «Сап, сап көңүлүм», «Шарипке», «Абыралыга», «Жакшылыкка», «Кең жайлоо» аттуу ырлары 1870-80-жылдардын аралыгында жазылган. Абайдын «Кансонарда» аттуу чыгармасы (1882) анын акындык кубатын тааныткан ири чыгарма болгон. Чыгармада казак адабиятында калыптанган лирикалык жанрдын өзгөчөлүктөрү көп кырдуу келип, метафоралар, үлгү сөздөр мол. Чыгыш ойчулу Абу Наср-ал-Фарабинин философиясы Абайдын дүйнөтаанымын калыптандырып, аны өнүктүрүүдө зор роль ойногон. Абай адам проблемасын өтө бийиктен карап, анын рухий, коомдук, күндөлүк, этикалык, эстетикалык проблемалары боюнча ой толгогон. Абайдын философиялык, көркөмдүк, гуманисттик жана диний көзкараштары терең сезилген эмгеги, анын «Кара сөздөрү». Жалпы саны 46 түрдүү чыгармадан турган, мазмуну жагынан ар башка багытта жазылган эмгегиндеги гуманисттик агартуучулук ойлору дин тууралуу пикирлери менен биригип, казак элинин философиялык концепциясын түзөт. Анын «Кара сөздөрүнүн» айрымдары алгач 1918-ж. Семейде чыккан «Абай» журналында жарык көргөн. Алар көптөгөн чет тилдерге которулган. Абай музыка өнөрүндө мол мурас калтырып, казак музыкасын байытты. Ал таланттуу музыкант, обончу да болгон. Кээ бир ырларына өзү обон чыгарган. Биздин заманга анын 40ка жакын обону жетти. Азыркы учурда 27 ыры нотага түшүрүлгөн. Композиторлор А. Жубанов менен Л. Хамиди Абайдын ырларын операга пайдаланса, Е. Брусиловскийдин «Жалгыз кайың», А. Жубановдун «Абай» аттуу симфониялык поэмалары, аспаптык чыгармалар, ыр-романстар Абайдын ыр-обондорунун негизинде жазылган. Казактын классик жазуучусу М. Ауэзовдун «Абай жолу» романы улуу акынга арналган. Бул эпопея дүйнө элдеринин 116 тилине которулган. «Абай» энциклопедиясы анын 150 жылдык мааракесине (1995) карата чыгармачылык жолуна арналып, туулган күнүнө 100 миң нуска менен чыгарылган. 1631 макала камтылып, көлөмү 120 автордук басма табактан турган бул эбегейсиз зор эмгекте улуу акындын туңгуч чыгармалары менен кара сөздөрүнө жанаа философиялык, психологиялык, педагогикалык, этикалык, эстетикалык, экономикалык дүйнөтаанымына кеңири орун берилген. Ал И. А. Крыловдун тамсилдерин, А. С. Пушкиндин ырларын жана «Евгений Онегин» романынын айрым главаларын, М. Ю. Лермонтовдун бир катар поэтикалык чыгармаларын казак тилине которгон. Абайтаануу казак адабият таануу илиминин бир тармагы. Абайтаануу кеменгер акындын өнөрүн, философиялык, коомдук, эстетикалык көз карашын, казак поэзиясындагы ыр санаттарын, музыкалык мурастарын, кол жазмаларын, адабий-рухий дөөлөттөрүн улам терең изилдеп келүүдө. «Абай» операсы алгач 1944-ж. анын туулган күнүнүн 100 жылдыгына жанаа Казак академия опера жана балет театрынын 10 жылдык юбилейине арналып коюлган. Либреттосун М. Ауэзов, музыкасын А. Жубанов менен Л. Хамиди жазып, режиссёру К. Жандарбеков болгон. «Абай ыры» көркөм фильми 1945-ж. Алматы көркөм жана хроникалык фильмдер студиясында чыгарылган. Абайдын ролун К. Куанышбаев ойногон. Кыргыз адабиятынын алгачкы өнүгүш мезгилинде Абай кыргыз акын-жазуучуларына байкаларлык таасир тийгизген. Абайдын кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун чыглыгынын калыптануусуна кошкон салымы чоң. Абай атындагы бир шаар (Караганда облусу), 2 район (Чыгыш Казакстан), 6 айыл бар. Семей, Каркаралы шаарларында, Жидебайда Абайдын адабий-мемориалдык музейлери иштейт. Алматы жана башка шаарларда театрларга, көчөлөргө аты берилген. Абай атындагы чоку, ашуу бар. Бишкек шаарынын бир көчөсү да анын атында.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1