Акын – жалпы эле ыр жазган же төгүп ыр чыгарган киши.

Акындар‎.

Кыргыз жана казак элдеринде импровизация түрүндө ыр жараткан инсандарды акын деп аташат. Акындын чыгармалык өзгөчөлүгү, ал ырды эч кандай даярдыксыз, дароо, оозеки түрдө жаратат, ырга ылайыктуу обону болот, обон ошол Акынга гана тиешелүү, традициялуу, мурдатан бери колдонулуп жүргөн обон болушу да мүмкүн, ырды, обонду акын өзү ойногон комуз күүсүнүн коштоосунда аткарат. Демек, акындын чыгармачылыгы, баарынан мурда, синкреттүү искусство болуп эсептелет. Мына ушундан улам акындар поэзиясы кыргыз адабиятында өзүнүн байыркы жана туруктуу салтын иштеп чыккан. Бул салттын (азырынча айтканда адабий традициянын) эки жагы бар, биринчиси, байыртан келаткан көркөм форманы сактоо болсо, экинчиси ар бир акындын өз алдынчалыгын, жеке бөтөнчөлүгүн улам бийик көтөрүү, натыйжада өткөндү, өзүнөн мурунку көркөмдүк асыл наркты карандай эле сактоо менен чектелбестен, аны өзүнүн жеке чыгармачылыгы аркылуу андан ары улантуу, тереңдетүү, жаңы сапаттык даражага чыгаруу болуп эсептелет. Бул салт баарынан мурда ырдын аткарылышына, анын туруктуу жанрдык, тематикалык бөтөнчөлүктөрүнө негизделген.

Кыргыз акындарынын чыгармачылыгын, өмүр жолун, коомдук социалдык абалын эң биринчи болуп кеңири масштабда изилдеген Тазабек Саманчин акындардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрүнө карай төрт түргө бөлөт:

  1. Нускоочу акындар. Окумуштуунун аныктамасы боюнча мындай акындардын чыгармалары идеялык мааниси жагынан тереңдиги менен айырмаланат. Алардын поэзиясында өзү жашаган доордун тарыхый соц. коомдук өзгөчөлүктөрү ачык-айкын сүрөттөлөт, жашоо турмуштагы карама-каршылыктар, конфликттүү кырдаалдар жаап-жашырылбай ачык түрдө баяндалат, ушунун баары акыл-насаат, агартуучул үгүт-насыят менен коштолуп отурат. Т. Саманчин нускоочу акындардын катарына Калыгул, Арстанбек, Солтонбай, Токтогул, Тоголок Молдо, Кылычты киргизет.
  2. Жамакчы акындар. Т. Саманчиндин мүнөздөмөсү боюнча булар да көркөм сөз өнөр искусствосунун үлгүлөрүн жараткан ак таңдай акындар. Булардын чыгармачылыгы көбүнчө күндөлүк жашоо-турмушка, маселен, аш-тойдо, ар түркүн окуяларга багытталгандыктан, алардын поэзиясында социалдык-коомдук проблемалар нускоочу акындардыкына караганда тайызыраак сүрөттөлөт. Жамакчы акындардын алдыңкылары, Т. Саманчиндин классификациясы боюнча: Найманбай, Калмырза, Эшманбет, Бекназар.
  3. Жомокчулар акындардын мындай тобуна Тыныбек, Балык, Чоюке, Сагынбай, Саякбайды киргизет. Т. Саманчин булар жөнүндө төмөнкүдөй жазат: «Булар да негизинен жамак сөздүн устат чеберлерине жатат. Жомокчулардын акындыгы нускоочу, жамакчы акындардан кем түшпөйт. Бирок булар «Манас», «Семетей» өңдүү баатырдык чоң жомокторду айтууну кесип кылып, бул жомоктордон четке чыгышпайт. Бул жомоктордун чоңдугу, көркөмдүүлүгү, андагы акыл сөздөрдүн байлыгы аларды четке чыгууга да чамасын келтирбейт. Бардык күчтөрүн ошол жомоктордун көркөмдүүлүгүн арттырууга жумшайт». Бул сөздөр автор тарабынан «Кыргыз адабиятынын очерктери» (1943-ж.) деген коллективдүү эмгекте биринчи жолу жарыяланган. Кыргыз адабият илими, кыргыз фольклористикасы жаңыдан гана калыптанып жаткан учурда акындарга берилген классификацияда кандайдыр бир мүчүлүштөрдүн кетиши толук ыктымал болчу.

Жогоруда «жомокчулар» деген топко киргизилгендерди карап көрсөк, алардын баардыгы дээрлик манасчылар болуп чыгат. Албетте «жомокчу» менен «манасчыны» бир катарга коюуга болбойт, Ошондой эле «Манас», «Семетей» эпосун жомок катарында аныктоонун өзү туура эмес. Т. Саманчиндин классификациясы боюнча акындардын төртүнчү тобуна «Куудул сөз устаттары» жатат. Булар чукугандай сөз тапкан чечендер. Мындай куудулдардан Көкөтөй менен Куйручуктун аты биринчи иретте аталат. Куудул сөздүн поэтикалык өзгөчөлүгү: ал конкреттүү окуяга, ал турмак конкреттүү адамга багытталат, көлөм жагынан чакан келип, ылакап сыяктуу афористик түрдө чулу, келте айтылат. Куудул сөз устаттарынын чыгармачылык турмуш-турпаттарын юмор, ирония түзөт.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine

Колдонулган адабияттар

түзөтүү