Абакан уругу - мундуз уруусунун курамындагы урук.

Уруктун келип чыгышы түзөтүү

Санжыралык айрым маалыматтар бул уруктун тегинин Саян-Алтай аймагы менен байланышынан кабар берет. Хакастардын элдик тарыхый чыгармаларында Абакан дарыясы (Минусин ойдуңу, Хакасия) жөнүндө кызыктуу уламыштар айтылат:

«Алаирт дарыясынын боюнда «Абакан» аттуу зор баатыр жашаган экен. Суусу шар аккан дарыяны Абакан баатыр сырт көрүнүшү куш сымал болгон аргымагын минип бат эле кечип өтчү дешет. Күндөрдүн биринде кечүүдө минген аты дарыяда капыстан мүдүрүлүп, Абакан баатыр сууга чөгүп өлөт. Ушул кайгылуу окуядан соң, баатырдын наамына дарыя Абакан деп аталып калыптыр...».

Кыргыз санжыраларында уруу ичиндеги ич ара чыр-чатактан соң, туугандарына таарынган Абакан деген белгилүү журт башчысы өз жакындарын алып, Энесайга (Енисейге) көчүп өткөндүгү, андан бүгүнкү энесайлык мундуздар тарары баяндалат. Бул сыңары фольклордук параллелдер капысынан пайда болбошу ырас.

Абакан уругу курамына кирген мундуз уруусунда Түштүк Сибирдин этностук чөйрөсү менен байланышкан этнокомпоненттер бир топ санда кездешери белгилүү.

Этноним түзөтүү

«Аба- кан»; «Аба» - Саян-Алтай элдеринде «аюу», «кан» сөзү «кан», «хан» маанилерин берет. Демек, этнонимди «аюу кан» маанисинде чечмелөөгө болот. Аюу Сибирдин элдеринин дээрлигинде тотемдик ыйык-жаныбар катары маалым. Айрым иликтөөчүлөрдүн далилдөөлөрүндө «аба» - сөзүнүн баштапкы маанисинде «эне» мааниси жатат. Бул мисалдар эзелки энелик доордон (матриархат) да кыйыр кабар берүүсү ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү