Абакиров Малик-Айдар Барктабасович

Абакиров Малик-Айдар Барктабасович (27-июль, 1960-жыл, Нарын облусу, Кыргыз ССР) – экономист, банкир, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасындагы кепилдик системасынын (2011-ж.) жана кредиттик бирикмелер  системасынын  (1996-ж.) негиздөөчүсү, «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы[1].

Малик-Айдар Абакиров

Өмүр баяны

түзөтүү

Абакиров Малик-Айдар Барктабасович 1960-жылы 27-июлда Кыргыз ССРинин Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында кызматчылардын үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Абакиров Барктабас (1933–2006) – акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. 1933-жылы 2-майда Кочкор районунун Төрт-Күл айылында туулган. 1955-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетин аяктаган.[2] 1970-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика факультетинде окуган.[3] Барктабас Абакировдун ырлары 1954-жылдан мезгилдүү басылмаларда жарыялана баштап, балдарга арналган биринчи ырлар жыйнагы "Чаарчык" деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыккан. Жалпысынан 25тен ашык китеби, ырлары жана поэмалары жарык көргөн жана 330га жакын ырына обондор жазылган.[4]  

Апасы Тезекбаева Кукун Тезекбаевна (1939–2021) билими боюнча дарыгер. Жогорку категориядагы дарыгер-офтальмолог. 1939-жылы төрөлүп, 2021-жылдын 19-августунда бул дүйнө менен коштошкон. Көп жылдар бою саламаттыкты сактоо системасында иштеген.[5]

Билими

түзөтүү

Иш тажрыйбасы

түзөтүү
  • Малик-Айдар Абакиров – финансы системасында, анын ичинде банк секторунда, кепилдик фонддорунда, микрофинансылык мекемелерде жана жеке уюмдарда 30 жылдан ашык жетекчилик кызматтарды аркалайт.
  • Кыргыз Республикасында биринчи жолу жаңы финансылык системаларды жана инструменттерди иштеп чыккан жана жайылткан: кепилдик фонддор системасы ADB (2016), USAID (2011), кредиттик бирикмелер системасы (АӨБ, 1996); “кампа тил каттарынын алдында каржылоо” – жаңы финансылык инструменти (OECD, GIZ 2013-2015-жылдары).
  • Экспорттук операциялар үчүн финансылык инструменттерди жайылтуу боюнча Дүйнөлүк банктын "Агробизнес жана Маркетинг" (2007-2010) долбоорун, Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча долбоорун (АӨБ, 2014-2015) ишке ашырууга, USAID, WB, IFC, BAS EBRD, ADB, IDB, GIZ, OECD, TACIS, EUROPAID долбоорлору боюнча чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, стратегиялык пландоо боюнча, инвестициялык, банктык жана микрофинансылык маселелери боюнча консультант катары олуттуу салым кошкон.
  • Эксперттик топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2022-жылдарга жана 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча программаларын,[6] Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук банктын программаларын (2015-ж.), «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын базасында Почта-аманат системасын өнүктүрүү концепцияларын иштеп чыгууга (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2001-ж.), «Айыл Банк» ААКсын менчиктештирүүгө (Дүйнөлүк банк, "Bearing Point" консалтинг компаниясы (2007) катышкан. “Борбордук Азиядагы айыл аймактарын каржылык өнүктүрүү” долбоорунда консультант болуп эмгектенген
  • 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун мүчөсү.
  • 2005-2008-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.[7]

Даярдалган жана басылып чыккан китептери

түзөтүү
  1. “Кепилдик фонд: ийгилик тарыхы” - автору Абакиров М. 2021-жыл;[8]
  2. “Кыргыз Республикасында Банк ишинин практикасы”, ЖОЖдор үчүн окуу куралы, авторлору Абакиров М., Абакиров С., Бакай Уулу Б., Осмонова Б. 2020-жыл;[9]
  3. Абакиров М., Абдурасулов Ы., Түлеев Т. жана башкалар “Интенсивное овцеводство”, 2020;
  4. Абакиров М., Ы. Абдурасулов, Т.Түлеев ф.б. “Интенсивдүү кой чарбачылыгы”, 2020;
  5. Абакиров М., Абакиров С. “Чакан жана орто бизнести каржылоо мүмкүнчүлүгү: Кепилдик фонду”, 2019-жыл;
  6. Абакиров М., Абакиров С. “Кепилдик фонду ЧОИни өнүктүрүү куралы катары”, 2014-ж.;
  7. Абакиров М. ж.б. «Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугу: фактылар жана корутундулар».

Илимий изилдөөлөрү

түзөтүү
  • «Борбордук Азиядагы жана Кавказдагы чакан жана орто бизнестин абалы» изилдөөсү (АӨБ, 2022);
  • «Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердиктин абалына жана анын экспорттук потенциалына баа берүү» изилдөөсү («Кепилдик фонд» ААКсы, 2022-ж.);
  • «Экспорттук операцияларга соодалык каржылоону киргизүү мүмкүнчүлүктөрү», (ПРООН, 2016);
  • «Ош шаарындагы инвестициялык климат жана бизнес долбоорлорду өнүктүрүү», (GIZ, 2015);
  • Айыл чарбасында кошумча нарк чынжырын изилдөө;
  • «Банктык жана микрофинансы системаларынын абалы», (CAIC Consulting , 2014);
  • «Банк сектору жана 2012-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын рейтингин аныктоо» (2014-жыл);
  • «Кампалык тил каттардын алдында каржылоо» жаңы финансылык инструментти киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө жана аны ЭКӨУнун «Кыргыз Республикасындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүк» долбоорунун алкагында ишке ашыруу, айыл чарбасын каржылоодо финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөгү кемчиликтерди баалоону талдоо (USAID, АгроГоризонт, 2015);
  • кредиттик бирикмелерди түзүү боюнча «Кредиттик союздар жөнүндө» Мыйзамды иштеп чыгуу (1995-1996-жж.);
  • "Financial system of Kyrgyz Republic", National Bank of the Kyrgyz Republic (1996);
  • Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорундагы жол боюндагы бизнес (Helvetas Swiss InterCooperation, 2013-ж.);
  • Күрөөсү жетиштсиз ишкерлерди кредит менен камсыз кылуу системалары, кепилдик фонддорду түзүү жана «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Мыйзамды иштеп чыгуу (2011-2013-жж.);
  • «Коммерциялык банктардын кредиттери боюнча пайыздык ченге мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгүнүн таасирине талдоо» (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, 2013-ж.).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

https://banks.kg/news/long-interview-with-the-head-of-the-guarantee-fund-malik-abakirov

  1. Интервью Председателя Правления ОАО «Гарантийный фонд» Абакирова Малик-Айдар Барктабасовича
  2. Кыргызский Национальный Аграрный Университет имени К.И.Скрябина
  3. Поэт, журналист Барктабас Абакиров
  4. 2-Май 1933-жылы акын жана журналист Барктабас Абакиров туулган
  5. https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2021/08/erkin-too_24_08_2021.pdf
  6. Кыргыз Республикасынын 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди
  7. Мандаты депутатов столицы Кыргызстана получили два человека
  8. В свет вышла книга Малика Абакирова «Гарантийный фонд: история успеха»
  9. Вышел в свет учебник «Практика банковского дела в Кыргызской Республике»