«Абалы: Бойдок» (орус. Статус: Свободен) — Режиссёр Павел Руминов тарабынан 2015 жылы тартылган,Орусиянын кинокомедиялык мелодрама жанрындагы орус көркөм тасмасы.

Абалы: Бойдок
Статус: Свободен
Жанры

Комедия, Мелодрама

Режиссёру

Павел Руминов

Продюсери

Сергей Ливнев
Данила Козловский
Сергей Бобза

Сценарийдин
автору

Павел Румино

Башкы ролдордо

Данила Козловский, Елизавета Боярская, Владимир Селезнёв,
Игорь Войнаровский

Оператору

Антон Дроздов

Композитору

Олег Чубыкин

Узактыгы

95 мүнөт

Бюджети

2 203 930 $

Кирешеси

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

 Орусия

Тили

Орусча

Жылы

2015

IMDb

ID 5352802

Мазмуну түзөтүү

Стендапер Никита Хеллоуин майрамында залдагыларды күлдүрүп жатып көрүүчүлөрдүн арасынан бир адамга көзү түшөт. Чечкиндүү жигит сахнадан эле анын аты-жөнүн сураганга жетишет. Бат эле Афинанын көңүлүн тапкан Никита кыялындагы махабатка жеттим деп ойлойт. Көп өтпөй Афина ага «Экөөбүз дос бойдон эле калалы, мен өзүмдүн түгөйүмдү таптым. Ал тиш доктур болуп иштейт» деген жагымсыз кабар айтат. Мындайды күтпөгөн өжөр жигит «мен сени 1 жумада кайра өзүмө кайтарып алам» деп кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн күчтөнүп киришет. Сүйүктүүсүн кайтаруу үчүн Никита эмне гана кылбайт? Түндө келип Афинага серенада ырдап берет, жигитин эл көзүнчө жаманатты кылат. Бирок бул жоруктарга Афинанын жигити Алексей Никита күткөндөй жинденбей, тескерисинче, дос болууга аракет кылат. Соңунда жигит сүйүүдө маанилүү нерсе сүйгөнүң менен бирге болуу эмес, аны менен чогуу өткөргөн бактылуу көз ирмемдер башкы орунда турарын түшүнүп, Афина менен дос бойдон калат.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Данила Козловский Никита Колесников Никита Колесников
Елизавета Боярская  Афина Гордеева Афина Гордеева
Владимир Селезнёв  Алексей Ярцев стоматолог Алексей Ярцев
Игорь Войнаровский Вадик Никитанын досу Вадик
Наталья Анисимова Валя-Валли Валя-Валли
Паулина Андреева Соня Шмуль Соня Шмуль
Михаил Крылов Крылов Продюсер Крылов
Мария Староторжская корпоративтеги аял
Надежда Звенигородская Никитанын апасы
Юлия Пак Афинанын коллегасы

Тартуучу топ түзөтүү

  • Павел Руминов — сценарийдин автору жана режиссёру
  • Антон Дроздов — оператору
  • Сергей Ливнев, Данила Козловский, Сергей Бобза — сүрөттүн продюсери
  • Максим Ронкин — экинчи режиссёру
  • Денис Цуканов — үн режиссёру
  • Александра Сошальская — костюм боюнча сүрөтчүсү
  • Валерия Никулина — грим боюнча сүрөтчүсү
  • Юлия Галашова — сүрөтчүсү
  • Олег Чубыкин — композитору

Тасманын жаралуусу түзөтүү

Фильмдин сценарийин Павел Руминов өз башынан өткөн окуядан улам жазган. Ал өз сөзүндө.

«Мен 5 жыл мурун ажырашуу эмне экенин билгем. Ошонун айынан акылымдан тайып кетпейин деп өзүмдүн сезимдеримди кагазга түшүрө берчүмүн. Бул туурасында Даня Козловскийге айтканымда, ал дароо кино тартууну сунуштады»[1]

Тасма тартуу туурасында айтылган идея ошол замат ишке ашып, 1 жылда тартылып бүткөн. Кинонун продюсери Сергей Бобза тартуу иштери башталгандан кийин искусствонун мистикалык күчү таасир эткенин айткан.Сергей өз сөзүндө

«Биз «Чоң шаардагы сүйүү-3» («Любовь в большом городе-3») тасмасын тартып жатканыбызда баарыбыздын жеке жашообузда жагдай сонун болчу. Анан эле «Абалы – бойдок» фильмине киришкенибизде көпчүлүгүбүздүн жашообузда дагы ушундай бурулуштар болуп кетти»

деген кызыктарга токтолгон.

Кошумча маалыматтар түзөтүү

  • Тасманын режиссёру Павел Руминов «Кинотавр» фестивалында (2012) «Мен сенин жаныңда болом» («Я буду рядом») аттуу эмгеги үчүн Гран-прини жеңип алган.
  • Данила Козловский тасмада роль гана жаратпастан, өзүн продюсердик жактан да сынап көргөн.
  • «Башкы ролго Елизавета Боярская тартылсын» деген сунушту да Данила киргизген.
  • Актёрдун жашоодогу апасы тасмада да энесинин ролун жараткан.
  • Лиза кино үчүн латын-америка бийин үйрөнгөн.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү