Абал параметрлери, термодинамикалык параметрлер термодинамикалык системанын абалын мүнөздөөчү физикалык чоңдуктар. Аларга температура, басым, көлөм, магниттелиш, электр поляризациясы жана башкалар кирет. Абал параметрлери экстенсивдүү жана интенсивдүү болуп эки түргө бөлүнөт. Экстенсивдүү абал параметрлери көлөм, ички энергия, энтропия, энтальпия жана башка системанын массасына пропорциялаш. Интенсивдүү абал параметрлери системанын массасына көзкаранды эмес, аларга басым, температура, концент., магниттик индукция жана башкалар кирет. Тең салмактуу системанын абалын саналуу гана абал параметрлери менен белгилөөгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1