Басым

  • Бир нерсенин экинчи нерсеге караганда көптүгү, артыкчылыгы, басымдуулугу. "Күчү басым келди".
  • Упай оюнунда атып алынган чүкөлөрдүн ойноп жаткан кишиге өтүүчү үч чүкөдөн турган тобу. Отуз басым чүкөнүн он беш басымын ажыратып алуу керек эле. Бир басымдан кемиди.
  • Грамматика: Сөздүн составындагы муундун өзгөчө күч менен айтылышы, ошол муундагы үндүүнүн башкаларга караганда көтөрүңкү үн менен айтылышы.
  • Басым — кеп бирдиктеринин бир бөлүгүнүн күчтүү сезим менен айтылышы. Сөздөгү Б. (сөз ичинде), кептеги Басым (кайсы бир ойго түшкөн Басым) жана логикалык Басым (сүйлөмдөгү бир сөзгө түшмө Басым) болуп бөлүнөт. Эпосто көркөм каражат катары мунун акыркы экөө кеңири жолугат: «Алтын курбу доолду Даң дедире салганы» (Сагымбай Орозбаков, 3. 138); «Атсыз келген чорого Аркар аяк, жез билек Ат мингизди зор Манас» (Саякбай Каралаев, 1. 196). «Манас» эпосунун аткарылыш обонунун да ар бир манасчыга тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Манасчы ырды айтуу ыкмасына жараша муундарга, сөздөргө, кээде бир нече сүйлөмгө да өзгөчө В. берип айтат. Бул, албетте, кайсы бир ойдун же сөздүн окуяга тиешелүүлүгүн, мааниси зор экенин билдирет, к. Манастын обону.

Колдонулган адабияттар түзөтүү