Абасов Руслан Акылбекович

Абасов Руслан Акылбекович (5. 11. 1976-ж. туулган, Чүй облусу, Токмок шаары) дүйнөгө таанымал спортчу. Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча эмгек сиңирген, бокс боюнча эларалык класстагы спорт чебери. Бокс боюнча Кыргызстандын 1995жылкы чемпиону; Кыргыз Республикасынан 2002-жылкы спартакиядасынын жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү; 2002-ж. Пусанда (Корея Республикасы) өткөн Азия оюндарынын катышуучусу; Гуанчжоудагы (Кытай) Азия чемпионатынын (2004), ушу-саньда боюнча дүйнөлүк чемпионатынын (1996) күмүш медалынын ээси; Евразия жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 1996-жылдан «ГермесПрофи спорт клубунда» (А. Войнов жетектеген) кикбоксинг боюнча машыга баштаган. Алгач оор салмак боюнча (91 кг дан жогору) Кыргыз Республикасынын (1998, 2000, 2001), Европанын (2003), Азиянын (2000), Евразиянын жана дүйнөнүн 2 жолку (1999, 2003), ошондой эле дүйнөнүн (2002) жана интерконтинент кубокторунун 2 жолку (2004, 2005) чемпиону, Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогунун жана эл аралык беттешүүлөрдүн (Кыргызстан Россия, Кыргызстан Италия, Кыргызстан Франция, Кыргызстан Ливан жана башка), эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Абасов 2003-ж. «Жылдын мыкты спортчусу» аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1