Аба-жүк коштом кагазы – аба-жүк ташып жеткирүү келишими. Ал жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк жөнөтүлгөн аэробекетте түзүлөт да жүк тартуучуга жүк менен кошо тапшырылат. А. ж. к. к. адатта 3 түпнускада жана 6 көчүрмө нускада түзүлөт. Түпнусканын биринчи нускасы жүк ташуучуга, экинчиси жүк алуучуга, үчүнчүсү жүк жөнөтүүчүгө тапшырылат. Коштом кагаздын көчүрмөлөрү жүк ташуучуда, жүк жөнөтүүчүдө, жүк алуучуда, жүк жөнөткөн жана ташып жеткирилген аэробекеттерде, бажыканада калат. Адаттагы иш-милдетинен сырткары, жүк ташуу келишими, товар тескөө документтери, жүк ташуучунун жүктү кабыл алгандыгы тууралуу тилкаты бажы жарнагы катары дагы бир милдетти аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү