Абдил Сегизбаев
Абдил Сегизбаев (2-июнь, 1973, Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (2015—2018) чини - генерал-майор[2]
Абдил Сегизбаев | ||
| ||
---|---|---|
2015 — 7-апрель 2018[1] | ||
Өкмөт башчысы: | Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков | |
Президент: | Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков | |
Андан кийинки: | Идрис Кадыркулов | |
Туулган жылы: | 2 -июнь 1973 (51 жаш) | |
Туулган жери: | Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР | |
Кесиби: | Аграном |
Өмүр баяны
түзөтүү- 1996-жылы - Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан агроном кесибин алып чыккан.
- 1995—2000-жылдары - "Сорос-Кыргызстан" фондунун координатору;
- 2000-2003-жылдары - Швейцариялык эл аралык кызматташуу боюнча ассоциациясынын кызматкери;
- 2003-2005-жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаевдин маалымат катчысы;
- 2011-2012-жылдары - президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы;
- 2012-жылы - Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси – Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы;
- 2012-жылы - Кыргыз Республикасынын президентинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси;
- 2014-жылы - УКМКнын орун басарлык деңгээлинде иш алып барган Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын жана тобокелчиликтерди талдоо боюнча кызматтын директорлугуна дайындалган;
- 2015-2018-жылдары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.