Абдимуктар Маматов (төр. 19-май, 1950 - Жалпак-Таш, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы, «Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен V жана VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси

Абдимуктар Маматов
Туулган датасы:

19 -май 1950(1950-05-19) (73 жаш)

Туулган жери:

Жалпак-Таш, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Партиясы:

Ата-Мекен (2010 — а. У)

Ишмердүүлүгү:

ЖК-тин депутаты (VI чак. 2016 — 2020)
ЖК-тин депутаты (V чак. 2010 — 2015)

Өмүр баяны түзөтүү

Абдимуктар Маматов 1950-жылы 19-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган.

  • 1969-жылы Москвадагы И.М.Губкин атындагы нефтехимиялык институтунун нефте-газ өндүрүшү факультетине кирип, 1974-жылы инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн.
  • 1966-1969-жылдары «Куршаб» совхозунда жумушчу, «Ленин» атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген.
  • 1974-жылы «Ошгаз» ишканасында катардагы инженердик кызматта иштеп баштап, аталган ишканада 1983-жылга чейин башкы инженер кызмат ордунда эмгектенген.
  • 1983-жылы Мамлекеттик мунайзат өнүм ишканасынын Ош аймактык башкармалыгына бөлүм башчысы кызмат ордуна которулган.
  • 1983-жылы Таш-Көмүр мунайзат базасына директор болуп дайындалган.
  • 1991-жылдан 1996-жылга чейин Жалал-Абад облусундагы Мамлекеттик мунайзат өнүм ишканасында генералдык директор кызмат ордунда иштеген.
  • 1996-жылдан 2006-жылга чейин мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролиум Компани» заводунда генералдык директор болуп эмгектенген.
  • 2006-жылдан тартып 2010-жылга чейинки мезгилде Жалал-Абад шаарындагы «Мунайзат» жабык акционердик коомунун (ЖАКынын) директорлор кеңешин жетектеген.
  • 2010-жылдын 10-октябрында «Ата Мекен» саясый социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
  • 2016-жылдын 22-январында Ата-Мекен» социалистик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп кайрадан шайланган.

Ошондой эле бир нече жолу Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештерине депутат болуп шайланган. Ийгиликтүү жетишкендиктери үчүн шаардык, облусттук, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жеке жашоосу түзөтүү

Үй бүлөлүү, беш баласы бар.