Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши — Кыргыз Республикасынын парламенти — мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган.[1]

Жогорку Кеңеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат.

Курагы 18тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран, эгерде анын соттолгондугу жоюлбаса же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаса, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана албайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби мыйзам менен аныкталат.

Эгемен Кыргызстандын туңгуч Жогорку Кеңеши болуп «легендарлуу парламент» атына конгон Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чи чакырылышы расмий түрдө эсептелет.

4-июнь парламентаризм күнү болуп бекитилген.

1995-жылдан 2000-жылга чейин депутаттар Жогорку Кеңешке мажоритардык система аркылуу шайланган. Ал парламент эки палатадан турган — Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны.

2000 —2005-жылдар аралыгында Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын жүрүшүндө шайлоосистемасына өзгөртүүлөр киргизилген жана кыргыз парламентинин палаталарынын сандык курамы кайрадан каралган. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.

2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

Чакырылыштар

түзөтүү

I чакырылыш

түзөтүү

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 1995-жылдын февралында I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо өткөн.

1995 - 2000-жылдар аралыгында Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны иштеп, алардын депутаттары бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланган. Анын эки палатасынын биринчи жыйналышы 1995-жылдын 28-мартында болгон.

Иши туруктуу жана кесиптик негизде жүргүзүлгөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамына 35 депутат кирген. Иши сессиялык негизде жүргүзүлгөн Эл өкүлдөр жыйынынын курамы 70 депутаттан турган. Тең шайлоо шарттарында шайланган эки палатанын депутаттарынын укуктары бирдей болгон. Муну менен эки палаталуу кыргыз парламенти дүйнөнүн башка парламенттеринен айырмаланып турган.

Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны 17 сессия, алардын алкагында 186 пленардык жыйналыш өткөргөн. Жыйындын көңүл борборунда өлкө турмушундагы өтө маанилүү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелер турган. Ал багытта 987 токтом, 268 мыйзам кабыл алынып, анын ичинде 157 мыйзамдын жактырылышы мунун айкын күбөсү.

Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 556 мыйзам, анын ичинде 13 кодекс жактырылып жана кабыл алынып, Президент 543 мыйзамга кол койгон.

II чакырылыш

түзөтүү

2000 - 2005-жылдар аралыгында Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын жүрүшүндө шайлоосистемасына өзгөртүүлөр киргизилген жана кыргыз парламентинин палаталарынын сандык курамы кайрадан каралган. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.

III чакырылыш

түзөтүү

2003-жылдагы конституциялык реформа менен 2005-жылы бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы белгиленген. Сунуш кылынган Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин жаңы курамын партиялык тизмелер боюнча шайлоону карап, сандык курамы 90 депутаттан турган. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешке шайланган саясий партиялар Өкмөттү түзүүгө укук алган. 2007-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

IV чакырылыш

түзөтүү

2007-жылдын 16-декабрында болгон шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган. 2010-жылдагы апрель окуяларынын натыйжасында IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин токтоткон.

V чакырылыш

түзөтүү

2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн. V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланышы менен Кыргызстандын азыркы тарыхында жаңы барак ачылган. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкө болуп калды. 29 саясий партия катышкан 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун натыйжалары боюнча 5 саясий партия жеңип чыккан. Парламенттеги 120 депутаттык мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: “Ата-Журт” партиясы – 28 мандат; “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” – 26 мандат; “Ар-Намыс” партиясы – 25 мандат; “Республика” партиясы – 23 мандат; “Ата Мекен” партиясы – 18 мандат. Жогорку Кеңештин структурасында 14 комитет түзүлгөн.

VI чакырылыш

түзөтүү

2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Болуп өткөн шайлоо өнөктүгү мыйзамда белгиленген тартипте биометриялык каттодон өткөн, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарын шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги менен айырмаланды.

Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келди, алар:

  • “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат;
  • “Республика-Ата Журт” саясий партиясы – 28 мандат;
  • “Кыргызстан” саясий партиясы – 18 мандат;
  • “Өнүгүү-прогресс” саясий партиясы – 13 мандат;
  • “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриотизм партиясы – 12 мандат;
  • “Ата Мекен” социалистик партиясы саясий партиясы – 11 мандат.

Улуттук курамы боюнча алганда Жогорку Кеңеште кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур, казак, тажик, татар улуттарынын өкүлдөрү бар. Гендердин теңчиликтин мыйзамда белгиленген нормаларынын сакталышы камсыз кылынган.

VII чакырылыш

түзөтүү

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  1. А. А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003, 184-б. ISBN 5-89750-150-5