Мукаш Абдраев

Абдраев, Мукаш‎»‎ барагынан багытталды)

Абдраев Мукаш (5-май 1920-жылы, ОСФСР, Түркстан АССР, Чоң-Жар айылы ― 18-май 1978-жылы СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе шаары) ― кыргыз советтик композитор.

Өмүр баяны түзөтүү

Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, кыргыз профессионал музыкалык өнөрүнө негиз салгандардан. 1933-ж. Абдраев Кыргыз музыкалык драма театрындагы скрипка классында, 1935-40-ж. Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык окуу жайында окуган.

1940-жылы А.И. Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясына кирген.

1950-жылы профессор С.Н. Василенконун классында Москва консерваториясынын теориялык композитордук бөлүмүн бүтүргөн. Абдраев 1960-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун башкармасынын мүчөсү, 1963-67-ж. ал союздун төрагасынын орун басары, 1967-78-ж. төрагасы болуп иштеген. Абдраевдин чыгармачылык иши 1940-ж. башталган. Абдраев өзүнүн талантын бардык музыкалык жанрларда көрсөтө алган. Кыргыз композиторлорунун ичинен опера жанрында өз алдынча иштеген 1-композитор.

Чыгармалары түзөтүү

Композитордун стили кыргыз фольклорунун бай традицияларына негизделген. Хор жанрын өнүктүргөн (мис.: «Кыргызстан жөнүндө ыр», «Компартия», «Ленин — Октябрь», «Кыргызстан жаштары»). Лирикалык обон («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага» ж. б.), романстарды («Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм») жараткан. Анын чыгармаларында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэмалар жана симфониялык музыка негизги орунду ээлеген. «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) операларын, А. Малдыбаев, А. Түлеев менен бирге «Жапалак Жатпасов» (1944), «Курманбек» (1944) драмаларына музыка жазган. Аспаптык пьесалары, күүлөрү бар. Абдраев «Токтогул композитор» (Б. Алагушев менен бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялардын, 5—6, 7—8-класстар үчүн «Ырдоо» окуу китебинин автору. Көптөгөн обондуу ыр жыйнактары чыккан.

Сыйлыктары түзөтүү

Абдраев Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974), Эмгек Кызыл Туу жана «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Анын ысымы менен Бишкек шаарындагы № 3 музыкалык жатак мектеп аталган.

Булактар түзөтүү

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Тышкы шилтемелер түзөтүү

АЙКӨЛ ИНСАН, АТАКТУУ КОМПОЗИТОР
Берчи мага, жарым Archived 2016-09-10 at the Wayback Machine кашык музыка