Абдрахманов, Ыбырайым, ылакап аты Ак Молдо (1888-1967) - манасчы, этнограф, педагог; кыргыздын элдик оозеки чыгармаларын жыйноочу, таанымал изилдөөчү. 1905-ж. Караколдогу татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Совет доорунда Кыргыз ИАсынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген. Саякбай, Шапак, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысмендеев, Молдобасан Мусулманкулов ж.б. айтуучулардан «Манасты» жазып алган. Келдибек, Балык, Акылбек, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай ж.б. манасчылардын өмүр баяндарын жыйнап, илимий нукка салган. Эл оозунан зор көлөмдөгү оозеки маалыматтарды жыйнап кагаз бетине түшүргөн жана кол жазмалар фондуна сактоо үчүн тапшырган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү