Узакбай Абдукаимов
Узакбай Абдукаимов (20.03.1909, Багыш - 14.09.1963[1], Бишкек) – кыргыздын чыгаан романист жазуучусу[2]. Анын Майдан романы экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги майдандагы жана ооруктагы кыргыздардын татаал тагдырын чагылдырат.
Узакбай Абдукай уулу | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылы |
Өлгөн датасы: |
14 -сентябрь 1963 (54 жаш) |
Өлгөн жери: |
Белгилүү котормочу, прозаик, акын жана драматург Узакбай 1909-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган. 1919-жылы Көк-Арт балдар үйүнө кирип, аны бүткөндөн кийин 1922-жылдан 1925-жылга чейин Ташкенттеги казак-кыргыз институтунда окугандан кийин Фрунзедеги Кыргызстан педтехникумга которулган. 1929-жылы бүтүрүп чыгат да, мектепте директор болуп иштейт.
1942-жылы экинчи дүйнөлүк согушка катышат. 1945-жылы согуштан кайткандан кийин Кыргызстан мамлекеттик басмасында, Жазуучулар союзунда эмгектенген. Жазуучунун чыгармачылык иши жыйырманчы жылдардын аягында башталып, ал бир катар оригиналдуу, мыкты чыгармаларды жазат. Аны «Айдар менен Айша» операсынын либреттосу, «Кыздын таалайы» повести, «Көл боюнда» либреттосунун тексти жана ырлары көпчүлүккө белгилүү.
Кийинчерээк экинчи дүйнөлүк согуш темасынан алып «Майдан» аттуу роман жазган. Узакбай котормо ишине 1933-жылдан баштап киришкен. Орус жана батыш адабияттары менен жакын таанышып, аларды кыргыз тилине эң жакшы которгондуктан, анын котормосундагы чыгармаларды окуганда, чыгарманын котормо экендиги унутулуп калат. Демек жазуучу аларды жөн гана которбостон кыргыз тилинде кайра жараткан.
Жарык көргөн китептери
түзөтүү- Майдан (роман), (1-бөлүм 1961, 2-бөлүм 1966)
Булактар
түзөтүү- ↑ Жалгыз роман жана агартуучулук эмгек. Узакбай Абдукаимов жөнүндө 10 факт, Sputnik (30.01.2022).
- ↑ Кыргыз энциклопедиясы. Бишкек. 2007.