Багыш, Сузак району
Багыш (кырг. Багыш) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Багыш айыл аймагынын курамына кирет. Райондун борбору Сузак кышаарынан 26 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темиржол бекетинен 18 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3035 киши (2023-жылы)[1]; негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.
Багыш | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад областы |
If: |
Сузак району |
If:Айыл округАйыл аймагы |
Багыш айыл округу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Бийиктиктиги |
940 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата).. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.