Курманкул Абдулаев

Абдулаев Курманкул‎»‎ барагынан багытталды)

Абдулаев Курманкул (1918, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Бөрү-Баш кыштагы) механизатор, Социалистик Эмгектин Баатыры (1957[1]). 1931жылдан Түп районундагы «Маяк» совхозунун жумушчусу, 1937-жылдан комбайнчы. Ал жыл сайын өндүрүштө мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, түшүм жыйноодо зор ийгиликтерге жетишкен. 1956-ж. 520 га аянттагы эгинди чаап, 11565 ц дан бастырган. 1959 63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 5 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.