Ак Суу ооданыЫсык-Көл облусундагы оодан. Түндүгүнөн Түп ооданы, түндүк-чыгышынан Казакстан, батышынан Жети Өгүз ооданы, түндүк-чыгышынан Кытай менен чектешет. Айанты 10,1 миң км² . Калкы 69,085 миң (2019). Ооданда 14 айыл өкмөтү, 48 кыштак бар. Оодандын борбору — Каракол шаары.

Ак-Суу району
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Ысык-Көл областы

Районго карайт

13 айыл өкмөтү, 45 айыл, 1 ШТА.

Административдик борбор

Ак-Суу айылы

Калкы

63 686 адам[1]

Улуттук курамы

кыргыздар — 88,5%
орустар — 4,5%
калмактар — 4,4%
казактар — 1,5%
уйгурлар — 0,3%[1]

Диний курамы

ислам, христиан

Тууралыгы

42.515638

Узундук

78.532676

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Автоунаа номурунун коду

I,IK

Ак-Суу району Уикиказынада

Тарыхы

түзөтүү

1973 ж. Чын Курандын 12-си Түп ооданынан бөлүнгөн.

Табиаты

түзөтүү

Жеринин бети тоолуу; Кан Теңир тоо тоомунун (Жеңиш чокусу, бийиктиги 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары Жаз суусунун алабын, Тескей Ала тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөңсөөсүнүн чыгыш капталын (бийиктиги 1800–2400 м) жана Жыргалаң өрөөнүн ээлейт.

Кен байлыктарынан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын Арашан, Ак Суу, Жыргалаң) бай.

Климаты мелүүн континенттик (Ак Суу сырттарында кескин континенттик). Текенин орточо температурасы 14–17°С, Үчтүн айыныкы –5°С'тан –7°С'ка чейин (сырттарында Текеники 10,8°С, Үчтүн айыныкы –19,6°С'ка чейин). Жылдык жаан-чачыны 450–700 мм, сырттарында 250 мм.

Кан Теңир тоо тоому мөңгүлүү, ирилери: Түндүк жана Түштүк Эңилчек, Кайыңды ж. б.

Ири суулары: Сары Жаз, Жыргалаң, Түргөн Ак суу, Каракол ж. б. Тоолорунда көл (Мерсбахер ж. б.) көп.

Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык жана кара коңур топурактуу, андан жогору тоонун талаа кара топурагы таралган. Тоо этектери күрөң топурактуу. Сугат жана кайрак жер дыйканчылыгы өнүккөн. 2000-3000 м бийиктикте карагай токойу жана бадал өсөт; субалп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. Деңиз деңгээлинен 2500-3000 м жогору алп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. 3500-4000 м бийиктикте түбөлүк кар жана мөңгү алкактары жатат. Тоолору жайыт, өрөөнү кыштоо катары пайдаланылат.

Жаныбарлары: тоо эчки, бугу, айуу, доңуз, илбирс, бөрү, суур, түлкү, кашкулак, койон; куштардан — кыргоол, маңкаказ, кекилик, бүркүт ж. б. кездешет. Оодандын аймагында Ак Суу мамллекеттик аңчылык заказниги уйуштурулган (айанты 32,4 миң га).

Калкы көп улуттуу; 2009 жылы өткөн эл каттоо бойунча негизинен Кыргыздар (56369; 88,5 %), ошондой эле Орустар (2884; 4,5 %), Калмактар (2805; 4,4 %), Казактар (916; 1,5 %), Уйгурлар (201; 0,3 %), Татарлар (146; 0,2 %), Украиндер (125; 0,2 %), Өзбектер (110; 0,2 %) ж. б. жашайт.[1]

Калк оодандын түндүк түзөң бөлүгүндө жышыраак отурукташкан. Калктын жыштыгы: 1 км² жерге орточо эсеп менен 7 киши туура келет. Табигый өсүшү 2002 ж. маалымат бойуча 16,6 кишини түзөт. Көбү айыл-кыштактарда жашайт. Аймагында Каракол шаары жана Пристан-Пржебалск шаарчасы жайгашкан.

 

Экономикасы

түзөтүү

Айыл чарба

түзөтүү

Чарбасынын негизин айыл чарба түзөт. Ооданда айыл чарбага жарактуу 46,6 миң га, жердин 35,2 миң га'рын айдоо (анын 41 миң га'ры сугат жер, 5,6 миң га'ры кайрак жер), 13 миң га мөмө-жемиш бактары, 302,6 миң га'рын жайыт, 2,3 миң га'рын чабынды ээлейт. Негизги айдоо айанттары көлдүн жээгинде жана Тескей Ала тоонун этектеринде, ал эми жайкы жайыттары Тескей Ала тоонун өрөөн капчыгайларында жана Какшаал бийик тоолуу аймагында жайгашкан. Негизинен картөшкө жана буудай өстүрүлөт.

Малдын санынын азайышына байланыштуу көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген айдоо жерлердин айанттары кыскартылып, алардын ордуна башка айыл чарба эгиндери өстүрүлүүдө.

Өнөр жай анча өнүккөн эмес. Оодандын аймагында жергиликтүү маанидеги Жыргалаң кени, Каракол меканикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар бар. Сары Жаз сайдын алабында калай, болпрам, коргошун түстүү металл кендери чыгат. Ооданда чакан менчик ишканалары өнүгүүдө. «Кумтөр Оперейтинг компани» менен Эңилчек кичи менчик өндүрүштүк ишканасы биргелешип алтын менен болпрам консентратын өндүрүүдө. Биргелешкен ишкананын дүң жыйымы 22,5%ды түзөт. Ооданда кайра иштеп чыгуучу жана тамак аш өнөр жай тармактары өнүгүп, ал негизинен ички базарга багытталган. Ооданда тери иштетүүчү эки ишкана, май чыгаруучу кичи тегирмен, нан забоддору бар. Забоддордун ичинен эң ириси Челпек арак-шарап забоду. Картөшкөнү кайра иштетүүчү кичизабод куруулууда (күнүнө 10 т картөшкө иштетет). Анда кракмал жана кургак картөшкөнү чыгаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн, мөмө жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүү каралууда.

Мурда малдын саны көбөйүп, мал чарбасы экстенсибдүү түрдө жүргүзүлгөндүктөн жайыттардын экологиалык абалы кыйла начарлап кеткен. Азыркы учурда малдын (айрыкча койдун) санынын азайып кеткендигине байланыштуу бийик тоолуу жайыттар дээрлик пайдаланылбай калды. 2002 ж. ооданда 25,9 миң карамал (анын 13,9 миңи саан уй), 102,8 миң кой-эчки, 6 миңдей чочко, 10,2 миң жылкы, 82,1 миң үй кушу болгон. Ооодан 2002 ж. 9,8 миң т эт, 29,6 т чийки сүт, 3,0 млн даана жумуртка, 362 т жүн дайардаган. 2001 ж. 745 дыйкан чарбасы иштеген.

Тескей Ала тоодон Каракол шаарынын түштүгүнө чейин 100 миң га жерди токой массиби ээлейт. Токойдун негизин арча, карагай, акчечек, ошондой эле талаа, шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар түзөт.

Ооданда алпинизм, аңчылык ж. б. туризмдин түрлөрүнүн өнүгүүсү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Алпинизмдин чордонун Кан тоо, Жеңиш чокулары түзөт. Туристтерди оодандын ажайып кооз тоо токойлуу жерлери да өзүнө тартат. Ал жерлерге облустун борбору — Каракол шаарынан түрдүү транспорт менен оңой жетип алууга болот.

Транспорт

түзөтүү

Ооданда унаа транспорту өнүккөн, унаа жолдорунун басымдуу бөлүгүнө аспалт төшөлгөн. Каракол шаарынан аба жана суу жолдору да кетет. Шаардын четинде абабекет бар.Оодандын аймагы аркылуу өткөн Түп — Кеген (Казакстан) унаа жолу реконструксиаланууда (2003).

Маданий турмушу

түзөтүү

2001/02 окуу жылында 34 жалпы билим берүүчү мектепте 13911 окуучу окуган, а.и. 2 толук эмес орто, 2 башталгыч мектеп болгон. 27 мектепте окуу кыргыз, 7 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт; 2 мектепке чейинки мекемеде 201 бала тарбиаланган, кесиптик-текникалык окуу жайы бар. Ак Суу борборлошкон китепкана, маданиат үйү, ошондой эле оодандык «Мезгил жарчысы» газетасы кыргыз жана орус тилдеринде чыгат. Оодандын аймагында оодандык оорукана, үй-бүлөлүк медисина борбору, стамотологиалык поликлиника, 26 пелдшер-акушердик пункт, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, балдардын неурологиалык санаторийи (105 орундуу) ж. б. медисиналык-санаториалык мекемелер, Ак Суу курорту бар.

Айыл Өкмөттөр

түзөтүү
Айыл өкмөттөр Айыл-кыштактардын аты Негизделген жылы Калкыны н саны (2019) Ак Суудан алыстыгы (км менен) Балыкчы темир жол бекетинен алыстыгы (км)
Ак Булуң айыл өкмөтү Ак Булуң 1922 2 498
Ак Булак 1924 2 388
Токтогул 1 388
Түргөн 28
Ак Чий айыл өкмөтү Ак Чий 1 496
Качыбек 1 013
Көк Жайык
Кызыл-Жар
Кызыл Кыйа 988
Бөрү Баш айыл өкмөтү Бөрү Баш 2 482
Черик 402
Кара Жал айыл өкмөтү Тегизчил 1 698
Жаңы Арык 2 424
Кара Жал 279
Боз Булуң 1 058
Каракол айыл өкмөтү Каракол 1 865
Чолпон 1 601
Кереге Таш айыл өкмөтү Сары Камыш 1 856
Кайырма Арык 1 529
Кереге Таш 2 837
Жергез 1 055
Кара Кыз 643
Боз Учук айыл өкмөтү Боз Учук 3 517
Энчилеш 1 246
Ичке Жергез 2 200
Октябр айыл өкмөтү Маман 1 791
Жол Колот 2 726
Отуз Уул 1 268
Үч Кайнар 1870 976
Отрадный айыл өкмөтү Отрадное 1911 2 103
Орлиное 1911 1 070
Шапак 997
Тепке айыл өкмөтү Тепке 1910 1 026
Жылдыз 978
Курбу 1 027
Ак Суу айыл өкмөтү Ак Суу 13 431
Лесное 195
Челпек айыл өкмөтү Челпек 3 444
Бурма Суу 2 267
Таш Кыйа 2 191
Эңилчек айыл өкмөтү Эңилчек 1900 133
Кең Суу 0
Койлуу 6
Кургак 2
Май Саз 1
Таш Короо 1
Эчкили Таш 9
Жыргалаң айыл өкмөтү Жыргалаң 1 033

Булактар

түзөтүү