Абдулла ибни Зубайр (1/622 – 73/692) – атактуу мусулман саясий ишмер жана Мухаммед пайгамбардын сахабасы.

Өмүр баян түзөтүү

Балалык чак түзөтүү

Хижранын 1-жылы төрөлгөн. Абдулла ибни Зубайр мухажирлердин арасындагы Мадинадан төрөлгөн биринчи наристе болгон. Мухаммед пайгамбар    , бардык мусулмандар менен кошо, бул окуяга сүйүнгөн жана баланы Абдулла деп атаган. Кичине Абдулла жашоосундагы өзүнүн алгачкы кадамдарын пайгамбардын     кароосунда кылган жана андан көп нерсе үйрөнгөн.

12 жашында Абдулла ибни Зубайр, өзүнүн атасы менен чогуу, Ярмуктагы салгылашта мусулман аскеринин жайлашмасында болгон (13-ж). Кийин Мисирдин алынышына катышкан. Түндүк Африкадагы берберлерге каршы салгылаштарда айрыкча өзгөчөлөнгөн.

Саясатта түзөтүү

Көтөрүлүш түзөтүү

Хусайн ибни Али менен бирге ал халиф Йазидге, Муавия ибни Абусуфяндын уулуна, итаат кылуудан баш тарткан, анткени, алгачкы халифтердин башкаруу принциптерин бузууну жана Халифатта падышалык сулаленин бийлигинин орношун каалаган эмес. Качан Абдуллага   Хусейндин Кербаладагы кайгылуу өлүмү жөнүндөгү кабар жеткенде, ал халиф Йазидге ачыктан каршы чыккан, анткени, Мухаммед пайгамбардын     небересинин өлүмүнө күнөөлүү болгон бийликтин өкүлдөрүнө баш ийүүнү каалабаган. Ал антиумеййилик кыймылдын баштыгы болуп чыкты жана ага Мекке менен Мадинанын, андан кийин бүт Хижаздын тургундары берилдикке ант беришти. Жооп катары халиф Йазид Абдуллага каршы өзүнүн армиясын жүргүздү, бирок тигил ал аскерлер менен согушуудан коркподу. Уруштар 64-жылы бою жүрүп жатты, халиф Йазиддин өлүмү тууралуу кабар келгенчекти. Ушундан кийин, армия Хижаздан Сирия багытын көздөй чегинди, анан бул региондогу бийлик Абдулла ибни Зубайрга өттү.

Халиф түзөтүү

Анын башкаруусун, ошондой эле, Халифаттын Йемен, Басра, Куфа, Хорасан сыяктуу ж.б. провинциялар тааныган. Умеййилердин бийлиги Сирияга жана Мисирдин айрым региондоруна гана тараган. Ушул себептен Абдулла ибни Зубайр   мыйзамдуу халиф болуп таанылган жана хижранын 64-сүнөн 73-жылына чейин башкарган. Бирок, күчтөнгөн Умеййилер, Абду-л-Малик ибни Марвандын тушунда, Абдулла ибни Зубайрдын армиясын жеңилдикке учурата алышкан. Алардын аскери Хажаждын башчылында Меккени курчаган, бул болсо, Абдулланын башкаруу мезгили бою Халифаттын борбору болчу эле. Шаар чоң бузууларга дуушар болуп, акыры, ээленген. Абдулла ибни Зубайр аягына чейин шаарга кирген Умеййилердин аскерине каршы урушкан жана меккелик мечитте согушуп жатып баатырдык менен курман болгон. Өлүм учурунда ал 73 жашта болгон.

Илимде түзөтүү

Куран түшүндүрмөсүнүн, мусулман укугунун, хадистердин билгичи болгон. Анын берүүсүндө 30 дан ашык хадис белгилүү.

Инсан катары түзөтүү

Абдулла ибни Зубайр   өзүнүн кайраты, тайманбастыгы, такыбалыгы, адилеттүүлүгү, жогорку адеби, сейрек учуроочу акылы жана көптөгөн башка изгиликтери менен өзгөчөлөнгөн. Ал ошондой эле тираниянын каалаган түрүнө каршы карама-каршылыксыз күрөшүүчү болгон.

Эскертүүлөр түзөтүү

Калып:Уикитека

Колдонулган булактар түзөтүү

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Сахабалар