Абдурасулов Илимидин ( 1950-ж. туулган, Баткен облусу, Кадамжай району, Жошук айылы) — техника илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). Москвадагы В. В. Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтун (1972), ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн (1977). Москва инженердик курулуш институтунда ассистент, илимий кызматкер; КГУСТАда окутуучу, доцент, кафедра башчы, декан, 2000-жылдан Баткен мамлекеттик университетинин ректору. 90дон ашуун илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинде 6 монографиясы, 6 автордук күбөлүгү бар. Эмгектери: Водообеспечение и очистка сточных вод Кыргызской Республики. Б., 1994.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1