Кадамжай району
Кадамжай району — Баткен облусундагы административдик бирдик. Район 1938-ж. 2-мартта уюшулган (1999-ж. чейин Фрунзе району). Облустун чыгыш бөлүгүндө жайгашып, батышынан Баткен району, түштүгүнөн Ош облусунун Чоң Алай, Ноокат райондору, түндүгүнөн Өзбекстан менен чектешет. Аянты 6,1 миң км2. Калкы 143,9 миң (2009). Райондо 3 шаар (Айдаркен, Кадамжай,Кызыл-Кыя), 2 шаарча ( Совет, Чабай), 11 айыл өкмөтү, 93 кыштак бар. Борбору Кадамжай шаары.
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Административдик борбор | |
Б.ири шаары | |
Расмий тили | |
Калкы |
201 457 |
Улуттук курамы | |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Расмий сайты | |
Табияты
түзөтүүРайон Фергана өрөөнүнүн тоо этегиндеги түштүк бөлүгүн жана Алай кырка тоосунун өрөөнгө караган түндүк тарабын ээлейт. Деңиз деңгээлинен эң жапыз жери 700 м (Бүргөндү массивинде), эң бийик жери 5259 м (Алай кырка тоосунда). Фергана өрөөнүн адырлар чектеп, айрым жерлеринде түздүктөр кездешет. Адырлардан түштүгүрөөк этек тоолор зонасы жатат. Андан ары Кербен Көк-Жар (батыш бөлүгү), Охна жана Айдаркен ойдуңдары жайгашкан. Райондун аймагы табигый кендерге бай. Отун ресурстарынан күрөң көмүрдун мааниси зор (Кызыл-Кыя, Беш-Буркандын батыш чети). Сурьма жана сымаптын (Кадамжай, Айдаркен, Кан ж. б.) запасы боюнча БорбордукАзияда алдыңкы орунда. Курулуш материалдары (гипс, мамы таш, кум-шагыл, чопо ж. б.), коргошун, алтын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургакчыл, кышы мелүүн суук. Январдын орточо температурасы түздүктөр менен адырлар тилкесинде -2,6... -6,4°С, тоолордо -8,9°С, июлдуку түздүктөр менен адырларда 26,8°С, тоолордо 10,6-19,1°С. Жылдык жаан-чачыны 200-500 мм. Суулары: Исфайрам-Сай, Шаймерден, Ак-Суу ж. б. Топурак-өсүмдүктөрү бийиктик мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Тоо этектериндеги түздүктөр, адырлар, тоо арасындагы ойдуңдар деңиз деңгээлинен 1600 м бийикке чейин боз топурактуу келип, чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Айрым жерлеринде бадалдар да кездешет. Таштуу жарым чөл бийик тоолорго мүнөздүү. Күрөң жана коңур тоо топурактуу тоо капталдарында (1600-2500 м бийикте) талаа жана токой өсүмдүктөрү басымдуу. Тоо шалбаа топурактуу 3000-4000 м бийикте каз таман, доңуз сырты ж. б. бийик тоолуу өсүмдүктөр өскөн субальп жана альп шаалбасы мүнөздүү. Орто бийик тоолордогу аскаларда арча өсөт. Арча токоюнун жалпы аянты 34,8 миң га. Райондун жеринин жаратылыш шарты мал чарбасын (айрыкча эчки багууга) өнүктүрүүгө жана дыйканчылыкка (жашылча, пахта, тамеки жана мөмө жемиштерди өстүрүүгө), ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагы сейрек кездешүүчү сурьма, сымап ж. б. түстүү металлдарга, көмүргө, цемент ж. б. курулуш материалдарына бай.
Курамы
түзөтүүРайондук маанидеги шаарлары:
Шаар курамындагы калктуу конуштар[2]:
Райондо 13 айыл аймагы бар[2]:
- Ак-Турпак айыл аймагы: Жаңы-Жер (борбору), Ак-Турпак, Жаңы-Жер[3], Калача, Кара-Тумшук, Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Сары-Камыш, Токой, Чогорок, Чоң-Кара, Жаш-Тилек, Өрүкзар, Миң-Чынар, Келечек;
- Алга айыл аймагы: Алга (борбору), Адыр, Бөксө[3], Мыргылжек[3], Шак-Шак, Шыбран, Чуңкур-Кыштак, Жаңы-Чек;
- Бирлик айыл аймагы: Ормош (борбору), Бел, Жал, Жаңы-Коргон, Кичи-Айдаркен, Моло, Сур, Сырт, Тескей, Чечме, Эшме, Жаңы-Сырт, Ынтымак;
- Абсамат Масалиев айыл аймагы: Кара-Дөбө (борбору), Олагыш, Какыр, Кожо, Кон, Алыш, Таш-Коргон, Лесхоз;
- Көтөрмө айыл аймагы: Кызыл-Булак (борбору), Ак-Кыя, Гайрат, Жалгыз-Булак, Кара-Оот, Кара-Шоро, Кескенл-Таш, Көтөрмө, Талмаша, Лангар;
- Майдан айыл аймагы: Кара-Жыгач (борбору), Аустан, Кара-Кыштак, Кароол, Кереге-Таш, Майдан, Пум, Кара-Дөбө, Исфайрам, Сары-Алтын, Бак, Акимбек, Жаңы-Абад;
- Айрыбаз айыл аймагы: Айрыбаз (борбору), Арпа-Сай, Достук, Көк-Талаа, Маяк, Пылдырак;
- Орозбеков айыл аймагы: Орозбеков (борбору), Кулду, Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа, Учкун;
- Үч-Коргон айыл аймагы: Үч-Коргон (борбору), Валакиш, Какыр, Калача, Калтак, Сулайманабад, Разъезд, Сухана, Чаувай, Боз, Камбарабад, Тажик-Кыштак;
- Исхак-Полотхан айыл аймагы: Жеңиш (борбору), Баймаала, Гүлдүрөмө, Жаңы-Айыл, Жошук, Ирилеш, Көк-Тал, Курулуш, Ак-Өргө, Таш-Дөбө, Ынтымак, Чекелик, Шады;
- Кыргыз-Кыштак айыл аймагы: Кыргыз-Кыштак (борбору), Кожо-Корум, Кайтпас, Бүргөндү ОПХ, Бүргөндү ПМК;
- Совет айыл аймагы: Совет (борбору);
- Чаувай айыл аймагы: Чаувай (борбору);
Эскертүү: Кызыл-Кыя ― Баткен облусунун облустук маанидеги шаары, андыктан Кадамжай районуна кирбейт. Кызыл-Кыя шаарынын курамындаКараван, Ак-Булак жана Жин-Жиген айылдары болууда.
Калкы
түзөтүүРайондо жашагандардын 15,2%ин шаар, 84,8%ин айыл калкы түзөт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 26 адам (облуста 24, Кыргызстанда 25 адам). Улуттук курамы боюнча 69,8%ти кыргыздар, 13,9%ти тажиктер, 11,6%ти өзбектер, 2,9%ти орустар, башка улуттар 1,8%ти түзөт. Акыркы жылдарда калктын табигый өсүш коэфф. төмөндөө менен катар калктын миграциясы, башка жакка көчүүсү азаюуда. Райондун жалпы калкынын 51,3%ин эмгек ресурстары түзүп, анын 57,6%ине жакыны иштеп, калган ишке жарактуу калк жеке менчик чарбаларда жана убактылуу табылган иштерде эмгектенет. Иштеген калктын 46%и айыл-чарбасыда, 20%и социалдык чөйрөдө, калган 34%и өнөр жайында, транспорт жана байланышта, ошондой эле курулушта, соодада ж. б. тейлөө тармактарында да эмгектенет.
Өнөр жайы
түзөтүүРайондун чарбасында өнөр-жай тармагы өндүргөн продукция республикада маанилүү орунду ээлеген. Алар дүйнөгө белгилүү «Кадамжай сурьма комбинаты» жана «Айдаркен сымап комбинаты» АКтары. Андан тышкары райондо 12 өнөр-жай ишканасы бар; ирилери: Кадамжай ун тартуу ишканасы, «Кан өнөр-жай комбинаты» жана Кадамжай нан бышыруучу АКтары, Бүргөндү мөмө-жемиш шарап комбинаты. Өнөр-жай ишканалары негизинен Кадамжай шаарында, Айдаркен шаарында, Совет шаарчаларында, Пүлгөн жана Бүргөндү айылдарында жайгашкан. Негизги өнөр-жай продукциялары: сымап, сурьма, малина, шарап, өсүмдүк майы, ун ж. б.
Айыл чарбасы
түзөтүүРайондун айыл-чарбага жарактуу жери 215,4 миң га (облустун 31,7%и), анын ичиндеайдоо жери 25,7 миң га (37,2%), көп жылдык өсүмдүктөрү 3,2 миң га (30,8%), чөп чабынды 2,8 миң га (29,8%), жайыт 183,1 миң га (31,1%). Райондун айыл чарба өндүрүшүндө 524 дыйкан чарба, 94 кичи фермердик чарба, 945 жеке жер ээлери, 5 мамлекеттик үрөнчүлүк чарба иштейт. 14,1 миң га дан эгиндери эгилип, андан 46,7 миң тдан (анын ичинде29,9 миң т буудай, арпа ж. б. 1,6 миң т буурчак), 20,2 миң т жашылча, 9,9 миң т картөшкө, 5,2 миң т бакча, 9,8 миң т мөмө-жемиш, 2,6 миң т жүзүм жыйналган. Райондо 38,7 миң бодо мал, 129,2 миң кой-эчки, 5,1 миң жылкы, 71,3 миң үй канаттуулары бар.
Автомобиль жолдору
түзөтүүРайондун аймагы аркылуу Ош – Кызыл-Кыя– Пүлгөн –Баткен –Исфана, Фергана (Өзбекстан) –Пүлгөн– Шаймерден, Кызыл-Кыя –Дароот-Коргон автомобиль жолдору, Фергана (Өзбекстан) Кызыл-Кыя темир жол, Фергана (Өзбекстан) Кадамжай (1972-ж. курулган), Сох (Өзбекстан) Айдаркен (1973-ж.) газ трубалары өтөт. Жаны автомобиль жолдору башталды.
Билим берүү
түзөтүүРайондо жалпы билим берүүчү 82 мектеп, анын ичинде 71 орто, 6 толук эмес, 3 башталгыч жана балдардын жатак мектептери, 2 гимназия, 2 лицей бар. Ошондой эле 2 кесиптик-техникалык окуу жайында окуучулар, тракторист, кийим тигүүчү, айылдык курулуш усталары адистигине ээ болушат. Райондо, айрыкча, шаарчаларда маданият үйлөрү, балдардын музыкалыкжана спорттук мектептери, китепканалар (баардыгы 51), 637 орундуу борбордук оорукана, 10 участкалык оорукана ж. б. иштейт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
- ↑ КР калкынын каттоосу 2009. Баткен облусу
- ↑ 2.0 2.1 Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору, 11.05.2021
- ↑ 3.0 3.1 3.2 "Перепись населения и жилищного фонда Кыргызской Республики 2009 года. Книга III (в таблицах). Регионы Кыргызстана, Баткенская область" Стр.15: "Переписью выявлено, что наличие фактически существующих сел (аилов) на местности не соответствует Государственному классификатору «Система обозначений объектов административно-территориальных и территориальных единиц Кыргызской Республики» (СОАТЕ). Перепись установила, что данные различия произошли в ходе территориально-административного устройства на местах, которые подтверждены нормативными документами с мест. В соответствии с ними, одно село фактически не существует на местности (Джаны-Джер Ак-Турпакского аильного округа Кадамжайского района), который ошибочно указан в СОАТЕ. Кроме того, 2 села Бексе и Мыргылжек Алгинского аильного округа Кадамжайского района в 1996г. перешли в состав других сел Бюргендю ПМК и Кайтпас Кыргыз-Кыштакского аильного округа того же района, но в СОАТЕ данные села приведены со старыми названиями. Также следует отметить, что село Жаштык (расположеное на расстоянии 8 км. от центра) на местности существует с 1991 года, однако до сих пор не имеет кода и не указан в СОАТЕ".