Асангүл Абдыгулова

Абдыгулова, Асангүл‎»‎ барагынан багытталды)

Асангүл Абдыгулова (1940-жылы туулган) – кыргыздын заманбап педагог, акын, жазуучу жана драматург айымы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Акын, жазуучу жана драматург айым Асангүл Абдыгулова 1940-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган.

Алгач айылындагы башталгыч мектебин, андан соң орто мектепти бүтүргөн.

Ардагердикке чыкканга чейин Кыргызстандын ар кыл аймактарында орто мектептин мугалими, директору сыяктуу ар кыл педагогдук кызматтарды аркалаган.

Ал эмгек жолун Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуу менен баштап, кийин Ысык-Көл районунун Тамчы орто мектебинде, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч, Кызыл-Дыйкан орто мектептеринде, кайра кийин Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте директор болуп эмгектенген.

Андан кийинки эмгек жолун Балыкчыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеп өткөрүп, ардагердикке чыккан.

Педагогдук ишмердиги түзөтүү

1994-95-жылдары Лондон шаарына барып келгенден кийин өлкөлөрдүн маданиятын салыштырып окутуу боюнча өзү автордук программа түзүп, Балыкчы шаарындагы № 2 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 8-9-класстарына “Дүйнөлүк көркөм маданият” сабагын киргизип окуткан.

Ал эми 1999-2000-жылдарда экинчи ирет “Манас таануу” сабагы боюнча автордук программасы 5-10-класстарда окутулуп, Манастын хрестоматиялык материалдары менен окуучулар кеңири таанышышкан. Ал мектепте “Эргүү” драмалык ийримин түзүп, адабий чыгармаларды сценарийлештирип жазып чыгып, окуучуларга драма койдурган.

Ошол өзү иштеген мектепте “Мурас” аттуу улуттук этнографиялык музейин түзүп да иштеткен.

Адабий жана коомдук ишмердиги түзөтүү

Асангүл Абдыгулова бир катар көркөм чыгармаларды, анын ичинде драмаларды, ыр китептерин жарыялаган.

Ар кыл жергиликтүү кеңештерге үч жолу депутат болуп шайланган.

Асангүл Абдыгулова айым Бексултан Жакиев, Жалил Садыков сыяктуу калемгерлер жазган бир нече драманы Кыргызстандагы орто мектептердин сахналарында өзү тарбиялаган чыгармачыл окуучулардын күчү менен койгон.

2010-жылы 17-июлда Каракол шаарындагы К. Жантөшөв атындагы Ысык-Көл драма театрында “Бурулча” спектаклинин бет ачары болду. Драманын автору - көп жыл агартуу тармагында мугалим болуп эмгектенген Асангүл Абдыгулова. Ал эми спектаклдин режиссеру милдетин Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков аркалады.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы – белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбет уулу.

Алар бир уул (Сүйүнбек), беш кыздуу, бир нече неберелүү болушту.

2009-жылы 21-майда С.Касмамбет уулу “Айат пресс” гезитине мындайча маек курган:

“Байбичем Асангүл Абдыгулова КРнын эмгек сиңирген мугалими, акын, драматург. Экөөбүздүн баш кошуп, бирге түтүн булатканыбызга элүү жылдын жүзү болду. Бир уул, беш кызды тарбиялап өстүрдүк. Бир ирет менден бирөө "канча балаң бар?" деп сураганда,
"Бир уулум иштейт борбордо,
Эки кызым Лондондо.
Бүгүн төгүлүп ырдап жатамын
Башыма бакты таалай конгондо" деп айтканым бар.
Эми минтип балдарыбыздын, неберелерибиздин ырахатын көрүп, бактылуу карыялардын катарын толуктап төрдө олтурабыз. Кудай ушуну кут кылсын.”. (Айат пресс Archived 2017-06-24 at the Wayback Machine. 21.05.2009. "Кыргызды кыргыз кылган Манас").

Асангүл Абдыгулова менен Сапарбек Касмамбетовдун улуу уулу Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде аппарат жетекчиси болуп иштеген. Азыр да ал ЖКда иштейт.

Кыздарынын улуусу Гүлнара Касмамбетова менен кичи кыздарынын бири Акчолпон Койчиева бүткүл дүйнөлүк Би-Би-Си радиосунун Кыргыз кызматынын продюсерлери.
Айнара Касмамбетова - менеджер.
Динара Касмамбетованын кесиби - технолог.
Чынара Касмамбетова - тарыхчы жана саясат таануучу.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Асангүл Абдыгулова 1966-жылы “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

1985-жылы “Эмгектин ардагери” медалын алган.

Асангүл Абдыгулова 1999-жылы “Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими” наамына татыган.

Ал – Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

  • Сахна сабактары: Усулдук китеп. – Бишкек, 1996.
  • Мен көргөн Лондон. – Бишкек, 1996.
  • Дил баян: Ырлар жана драмалар жыйнагы. – Бишкек, 2005.
  • Ой толгоо: Ырлар жыйнагы. – Бишкек, 2007.
  • Эркетай. – Бишкек, 2006.
  • Гөл өмүр. – Бишкек, 2009.

Драмалары түзөтүү

  • Бурулча.
  • Салиманын бактары.
  • Илимпоздун өмүрү.
  • Гүл.
  • Наристенин сүйүүсү.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү