Абдылдаев Бекеш
Параметр text не задан |
Абдылдаев Бекеш (1933-2013, Кемин району, Тегирменти айлы) — кинорежиссёр. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1979).
1957-ж. А. Н. Островский атындагы Ташкен театр өнөрү институтун бүткөн.
1957-59-ж. Ысык-Көл облустук облустук драма театрында актёр, 1959- жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында режиссёрдун ассистенти болуп иштейт.
1962-жылдан адегенде 2-режиссёр, анан режиссёр. Чыгармачылык жолунда көркөм фильм көрүнүктүү орунду ээлесе да, сурөткөрлүк чеберчилигин документ кинолордо көрсөтө алды.
Документ фильмдери: «Бак», «өзгөндүк карыялар», «Нарын жылдыздары», «Рысжан», «Энергетиктердин достугу», «Нарындын жарыктары», “Саз жыйнаген адам”, «Төкмө», «Кыргызстан — 71», «Почта», «Күмүш көгүчкөн» жана башка.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.