НарынКыргызстандагы шаар. Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору.

Отурукташкан жай
Нарын
Naryn overlook.jpg
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Нарын району
Координаттар 41°26′N 76°0′E / 41.433°N 76.000°E / 41.433; 76.000Координаттары: 41°26′N 76°0′E / 41.433°N 76.000°E / 41.433; 76.000
Мэр Тутуев Канболот Мусаевич
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 40,51 км²
Борборунун бийиктиги 2020 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 41,781 адам (2021)
Улуттук курамы кыргыздар — 98,5%
өзбектер — 0,4%
дунгандар — 0,4%
уйгурлар — 0,3%
Этнохороним Нарындык, Нарындыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996, 3522 (мурдагысы 3145)
Почта индекси 722600
Автоунаа коду 05, N
Нарын (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Калкы — 38 800 адам (2017-жылы)[1]. Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².

ТарыхОңдоо

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

19-кылымда бул аймакта Kокондук чеп курулган.

1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.

ГеографияОңдоо

Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Климаты - континенталдык.

Социалдык-экономикалык абалОңдоо

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.

Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.

ТранспортОңдоо

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

Нарын мамлекеттик университетОңдоо

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.

Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.

Нарын шаарында таалим алган атактуу кишилерОңдоо

Нарын шаарында мурдагы өлкө башчылары Аскар Акаев, Роза Отунбаева, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан. Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулбековдор Нарын шаарында жашап, эмгектенишкен

Боордош (шерик) шаарлар жана аймактарОңдоо

Булактарга шилтемелерОңдоо

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 2 -июнь (кулжа) 2021.