Абдылдаев Мукаш Юнусалиевич

Абдылдаев Мукаш Юнусалиевич (1932-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Жол-Булак айылы) техника илимдеринин доктору (1994), КРнын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2000). КМУну (1952) жана Кабарда-Балкар (Нальчик ш.) мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1958). Улук илимий кызматкер, КММИде доцент, ФПИнин Оштогу филиалында декан, Фрунзе автожол техникумунун директору, ФПИнин доценти жана башка кызматтарда иштеген. 1999-жылдан КМУда профессор. Эмгектери негизинен кысылбас суюктуктардын гидродинамикасын изилдөөгө арналган. 60тан ашуун илимий эмгектери, анын ичинен 3 монографиясы, 10 окуу-усулдук куралдары жарык көргөн. Эмгектери: Плоские задачи теории струй идеальной жидкости. Б., 1999.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1