Абдыракманов, Султанбек Арстанбекович
Султанбек Арстанбекович Абдыракманов (Sultanbek Abdyrakmanov; 1963) – кыргызстандык таанымал журналист жана публицист. Теги – кыргыз. Жогорку билимдүү.
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүСултанбек Арстанбекович Абдыракманов 1963-жылы 23-августта Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.
1980-жылы Фрунзе (Бишкек) калаасындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырып, 1985-жылы окууну аяктаган.
Ошол эле жылы Жалал-Абат облусунун Базар-Коргон райондук “Эмгек жалыны” газетасынын редакциясында кабарчылыктан эмгек жолун жолун баштаган.
1989-жылы КПССтин Базар-Коргон райондук комитетинин “Билим коому” башкармалыгынын жооптуу катчысы болгон.
1991-жылдан Жалал-Абат шаардык ”Мезгил үнү” гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, Жалал-Абад облустук “Акыйкат жарчысы” газетасынын бөлүм башчысы , ”Асаба”гезитинин өз кабарчысы, областтык “Нур” телевидениесинин башкы редактору кызматтарында эмгектенген.
1995-жылдан баштап Кыргыз улуттук телерадио корпорациясында кабарчы, баяндамачы, продюсер болуп иштеген.
КТРдеги (азыркы КТРКдагы) кызматы менен катар 2003-2005-жылдары “Азаттык” үналгысы менен кызматташып, “Мезгил жана тарых” аттуу тарыхый уктуруулардын автору жана алып баруучусу болгон.
“Азаттык” үналгысы менен кызматташтыгы учурунда «Мезгил жана тарых» тарыхый репортаждар сериясынан сырткары, 2003-жылы январь, февраль айларында Сауд Аравия өлкөсүнөн ажылык сапар боюнча түз байланыштагы атайын материалдар, маектер уюштурган.
Андан сырткары, эл аралык «Көк бөрү» мелдештеринин жүрүштөрү жыйынтыктары боюнча спорттук маалыматтарды “Азаттык” үналгысы аркылуу калайыкка маалымдап турган.
2005-жылы Улуттук телерадио корпорациянын Президенттигине дайындалган. Андан соң, КТРКнын биринчи вице-президенттигине которулган.
2006-жылы “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп бекитилген.
2008-жылдын сентябрь айынан 2011-жылдын апрель айына чейин Кыргызстан Мамлекеттик архив агенттигинин маалыматтык технологиялар борборунун директору, ага удаа “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын көркөм редактору кызматында эмгектенген.
2011-жылдын апрель айынан кайрадан “ЭлТР” коомдук телерадио компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалган.
Учурда Ош шаарында турат.
Коомдук уюмдарга мүчөлүгү
түзөтүү- Кыргыз Улуттук жазуучулар биримдигинин жана Журналисттер биримдигинин мүчөсү.
- “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси менен кызматташып келет.
Чыгармачылыгы
түзөтүүТаланттуу кыргызтаануучу, жигердүү тележурналисттин илимий изилдөө багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт: Кыргыз мамлекети жана мамлекеттүүлүгү; Кыргыз мамлекеттүүлүгүндөгү Кокон хандыгынын ээлеген орду; инсаниат таануу багыты; Саян-Алтай жана кыргыз этносу; тарыхый эстеликтер; тарыхый инсандар жана алардын кыргыз тарыхындагы орду жана башка.
Сыйлыктары. Наамдары.
түзөтүүМамлекеттик сыйлыктар:
- “Ош 3000” эстелик медалы (2000),
- Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” (2006);
- Кыргыз Республикасынын Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты (2010).
Башка сыйлыктар:
- ”Билим берүүнүн отличниги”,
- “УТРКнын отличниги”,
- ”ЭлТРдин мыктысы” наамдары бар.
- “Базар Коргон районунун ардактуу атуулу” ардак наамы (2012),
- Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын “Алтын диплому” (2003), Өкмөттүк, облустук, тармактык “Ардак грамоталар”, дипломдор, баалуу сыйлыктар ыйгарылган.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы улуттук Тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси
Эмгектеринин кыскача тизмеси
түзөтүү- “Доор аяны” (2008) китеби (автор).
- “Мундуздар” (2009) аттуу китептин түзүүчүсү.
- “Эл тиреги—ЭЛТР” (2007) китебинин редактору,
- 15 тарыхый- документалдык фильмдин,
- 600дөн ашуун автордук “Доор аяны” телеочерктер топтомдорунун ээси.
- Тарыхы болбой эл болбойт(жеткиликсиз шилтеме)
- Мамыр Мерген тууралуу Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine
- Белек Солтоноев тууралуу Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
- Мухаммед Кыргыз жөнүндө
Үй бүлөcү
түзөтүүЖети баланын атасы. Өмүрлүк жубайы – Айжан.
Ал тууралуу адабият
түзөтүү- https://twitter.com/Sultan2308
- http://encyclopedia.hougar.com/article.php?a=%C2%AB%D0%94%D0%BE%D0%BE%D1%80_%D0%B0%D1%8F%D0%BD%D1%8B%C2%BB&lang=ky(жеткиликсиз шилтеме)
- Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,2005-жыл.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- https://archive.is/20130816161118/newskg.narod.ru/bt/04/0827_6.htm
- https://archive.is/20130816161205/newskg.narod.ru/bt/05/0408_6.htm
- https://kmborboru.wordpress.com/2009/03/27/uluttu-biriktirgen-ruxdүjnө/
- http://www.azattyk.kg/content/news/1253430.html
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|