Абды Байсалбаев (1902-1976)
1902-жылы мурдагы Бектоо айлында, азыркы Аламүдүн районундагы «Ала-Тоо» совхозу аталган жерде кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1938-жылы Абды Байсалбаевдин биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. 1941-жылы өз ыктыяры менен согушка барып, бир нече жолу жарадар болгон. Улуу Ата мекендик согуш жеңиш менен аяктаганда жергесине кайтып келип, кайрадан артисттик кесибин уланткан.

Абды Байсалбаевдин онго жакын китеби «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмаларынан жарык көргөн.

1976-жылы дүйнөдөн өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз поэзиясынын антологиясы. К. Жусупов 1-том. Бишкек-1999ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

Абды Байсалбаев. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 том.(жеткиликсиз шилтеме)