Абеляр Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) орто кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-ж. өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага болгон, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. Абелярдын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). Абелярдын ою боюнча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өзара шайкеш келиши. Абелярдын чыгармалары азыр да окумдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1