Пазыл Абжалиев

Абжалиев Пазыл‎»‎ барагынан багытталды)

Абжалиев Пазыл - (1909, Ош облусу, Ноокат району, Караван кыштагы - 2002, ошол эле жерде) тамеки өстүрүүчү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1950).

Эмгек жолун 1930-ж. Кызыл-Кыя кен башкармасында шахтёр болуп иштөөдөн баштаган. 1933-43-ж. Ноокат районундагы «Караван» колхозунун тамеки өстүрүү бригадасынын бригадири. 1943-46-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1946-70-ж. ошол эле колхоздо тамеки өстүрүүчү звенонун башчысы. 3,1 га жердеги тамекинин ар гасынан 19,1 цден түшүм алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1