Кудайбердиев Абибилла Алымович (1. 6. 1962-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Кеңеш айылы) – генерал-майор (2007). Алматы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1983), Россия Федерациясынын жалпы аскердик академиясын (2003) бүткөн. 1983–94-жылдары Мотоаткычтар полкунда взвод, рота командири, батальондун командиринин орун басары, 1994–98-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бөлүмдүн улук офицери, бөлүмдүн начальнигинин орун басары-бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары-бөлүмдүн начальниги, 1998–2005-жылдары аскердик бөлүктө штабдын начальниги, командирдин орун басары, 1-орун басары, 2005–06-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде офицерлердин жана прапорщиктердин квалификациясын жогорулатуу борборунда начальник, 2006–08-жылдары аскер бөлүгүндө командир, 2008–09-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын начальниги, 2009–10-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 1-орун басары- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги, 2010–11-жылдары жана 2014-жылдан Кыргыз Республикасынын Коргоо министри. 3-даражадагы «Манас» ордени жана «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү