Абляция гляциологияда (соңку лат. ablatio алып коюу) — мөңгү же кар катмарынын эрүүдөн, буулануудан же механикалык ажыроодон (шамалдын учурушунан, айсбергдердин бөлүнүшүнөн жана башка) кичирейиши. Пайда болуу өзгөчөлүктөрүнө жараша түпкү, ички жана үстүңкү абляция болуп бөлүнөт. Түпкү абляция жердин ички жылуулугунан жана муз катмары козголгондо анын жер кыртышына сүрүлүшүнөн, ички абляция муз бөлүктөрүнүн өз ара сүрүлүшүнөн жана суу менен абанын муз арасынан өтүшүнөн, үстүңкү абляция күн радиациясы менен абанын жылуулугунан пайда болот.

Абляция (Норвегия‎да).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1