Кар катмары – кардын жаашынан пайда болуп, жер бетинде жаткан кар кыртышы. Кар катмары топуракты катуу сууктан, күздүк эгинди үшүктөн сактайт. Ал климатка, рельефке, гидрологиялык жана топурак пайда кылуу процесстерине, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоосуна зор таасирин тийгизет. Жыл сайын жер бетинин 115тен 126 млн км2ге чейинки аянтын каптайт (бул аянттын 1/3 ине жакыны), деңиздик муздарга туура келет. Күн радиациясын өтө көп чагылдырат. Кыргызстан аймагына түшкөн кар катмарынын Орточо калыңдыгы 10–30 см. Теңир-Тоонун бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар бирдей жаабайт. Мисалы, Кара-Кужур өрөөнүндө кардын эң жогорку Орточо калыңдыгы 9 см, максимуму 27 см, Ак-Шыйрак, Каракол өрөөндөрүндө Орточо 3 см, максимуму 14 см. Кар Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына өтө калың (150 смге чейин) түшөт. Кар катмары 1500 мден жогору туруктуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү