Абсорбция – суюктуктар газ аралашмасынан газды же бууну бүткүл көлөмү м-н сиңирип алышы. Сиңирүүчү суюктук (зат) абсорбент деп аталат. Суюктук газды сиңирип алса, эритме пайда болот. Сиңирүүнүн тескери процесси десорбция деп аталат. Десорбция процесси эритмелерден газдарды бөлүп алууда ж-а абсорбентти мурунку таза суюктук абалына келтирүүдө колдонулат. Ар бир абсорбент (мис., суу, метанол, суюк азот, этаноламин, кислоталар ж-а щелочтор суудагы эритмелери) белгилүү гана заттарды сиңире алат. Ошондуктан Абсорбция газ аралашмаларын бөлүүдө ж-а тазалоодо (мис., синтезделген газды көмүр кычкыл газынан тазалоо) же даяр продукт алууда (мис., НNO3 ж-а H2SO4 суу м-н NO2 ж-а SO3 сиңирип алышы) процесси пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш С. Адылов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6