Абулгазы Бахадур хан, тарыхчы

Абулгази Бахадур хан (1603–1663) – шейбаниддер тегинен чыккан Хива ханы, 1603-ж. Үргөнчтө туулган, Араб-Мухамед-хандын уулу, өлгөн жылы 1664-ж., өз заманынын көрүнүктүү тарыхчысы. Абулгази 17 жашында атасынан алсыраган мамлекетти кабыл алган, бир туугандары тарабынан кошуна Сеффефилер мамлекетине (Иран) куулган. 1644-ж. Үоргөнчкө кайтып келген Абулгази көчмөн өзбек урууларынын колдоосу менен такка олтурган, калмактарга, Бухара эмирлигине каршы күрөшкөн. 1663-ж. тактыдан өз уулу Мухамед Ануш үчүн баш тартат, 1664-ж. дүйнөдөн кайткан. Өз мезгилинин билимдүү адамдарынан болгон, эски кол жазмаларды көп окуган, түрк элдеринин тарыхын дурус билген инсан болгон. Анын «Шажарай-йи-таракима» жана «Шажарай-и-түрк» («Түрк элдеринин санжырасы», «Түркмөндөрдүн санжырасы») аттуу эки эмгеги белгилүү. Эмгектерде Борб. Азиянын элдеринин тарыхы боюнча баалуу тарыхый, этнографиялык маалыматтар кездешет. Абулгази Бахадур-хан бул эмгектерди жазууда Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихин» негизги булак катары пайдалангандыгы байкалат. Анын маалыматтарын кыргыз тарыхчылары Осмоналы Сыдык уулу менен Белек Солтоноевдер кыргыздардын тарыхын изилдөөдө пайдаланышкан. Абулгази Бахадур-хандын эмгеги учурда илимдеги маанилүүлүгүн жогото элек.

Эмгектери түзөтүү

  • Родословная туркмен. А.Г.Туманскийдин котормосу. Асхабад, 1897.
  • Родословная тюрок.
  • 1-е изд.: Родословная история о татарах: В 2 томах / Г. Ф. Миллер. — 1-е изд. — СПб.: При Имп. Академии Наук, 1768. — 1 512 экз.
  • Том первый. — 483 с.
  • Том второй. — 480 с.
  • 4-е изд.: Родословное древо тюрков. Пер. и предисл. Г. С. Саблукова, в кн. "Известия об-ва археологии, истории и этнографии при Казанском университете, т. 21, в. 5-6. Казань, 1906.

Ал тууралу адабияттар түзөтүү

  • Самойлович А. Н. профессор. Некоторые дополнения к классификации турецких языков. — II. 1922.
  • Саади-Газ Абульгази. «Зеравшан» (на узбекском языке), 1924. № 145, 146, 148 и 150.
  • Кононов А. Н. Родословная туркмен. Сочинение Абу-л-гази, хана хивинского. М.-Л. Изд. АН СССР, 1958.
  • Абул-гази-Багадур // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона : в 86 т. (82 т. и 4 доп.). — СПб., 1890—1907. — Т. I. — С. 47.
  • Абульгази — статья из Литературной энциклопедии 1929—1939.

[[Категория:Инсандар

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • [Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О. Каратаев]] Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015
  • Кыргыз тарыхы. Энциклопедия/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Бишкек -2003.