Абылхайр (туурасы Абу-л-Хайр хан (1412-1468)) — көчмөн өзбек-казак мамлекетин негиздөөчү; Жучунун урпагы, Шейбанинин кичүү баласы Дөөлөт Шайыктын уулу. 15-кылымдын 1-жарымында Чыгыш Дашт-и Кыпчактын аймагындагы ичара согуштардан кийин 1428-29-ж. Тура облусунун (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда көпчүлүк уруулардын башкаруучу төбөлдөрүнүн колдоосу менен 17 жашында хан жарыяланып бийликке келген. 15-кылымдын 40-жылынан гана ал мурдагы Ордо Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлоруна чейинки чөлкөмдөрдү баш ийдирүү менен ээликтерин кеңейткен. Абылхайр тышкы саясатында төмөнкү Сырдарыянын жана Арал бойлорундагы кышкы жайыттарды ээлеп, андан ары Түркстандын шаарларына чыгуу менен өз мамлекетин чыңдоону көздөгөн. 1431-ж. ал Тука-Тимурдун урпактарынын улусуна кирген Сыр дарыянын төмөнкү агымын жана Арал бойлорун каратып алган. Талаа аймактарында бийлигин бекемдегенден кийин Абылхайр көчмөн төбөлдөрдүн колдоосуна таянып, түштүк аймактарга жортуул жасай баштаган. 1430-ж. ал кыска мөөнөт Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып Самарканд, Бухара шаарына жүрүш жасаган. Андан кийин Сырдарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, аларды эмирлерине ж-а султандарына башкарууга бөлүп берген. Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан менен түздөн-түз жакындашып калган жана чегаралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Абылхайрдын Моголстанга жасаган жортуулдарынын бири 1451-ж. 22-апрелде аяктаган. Сырдарыя шаарын басып алуудагы ийгиликтери жергиликтүү касташкан төбөлдөрдүн Абылхайр менен мамиле түзүшүнө алып келген. Ал тимуриддердин бири Абу Саиддин Самарканддагы бийликти басып алышына көмөк көргөзгөн. Аталган аймактарда анын ээлик кылышы Шейбани менен Ордо улусунун ортосундагы касташууларды тереңдеткен, тагыраак айтканда, Сырдарыянын бойлорунда ж-а Каратоо аймактарында көчүп-конгон Жаныбек менен Гирейдин кызыкчылыгына анын жүргүзгөн саясаты карама-каршы келген. 1457-ж. Абылхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактан 5-8 км түштүк-чыгышта) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайши менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин эле Ак Ордо улусунун башкаруучусу Урусхандын урпактары Жаныбек жана Гирей Абылхайр менен келише албай Моголстандын чектерине көчүп кетишкен. 1468-ж. Абылхайр хан Гирейди жана Жаныбекти чаап, Моголстандын жерлерин каратуу, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында калмактардын жана кыргыздардын журтун карай жортуулга аттанган. Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча анын аскерлери Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Ала-Така, Йайлак, Кызыл-Надир жана Жети-Кудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына жеткен. Абылхайр кыргыз конуштары аркылуу калмактардын журтуна жетүүнү максат кылган. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде Абылхайр каза болгон жана анын күчтөрү артка кайткан. Абылхайрдын жортуулуна байланышкан бул окуялар 15-кылымдын орто чендеринде кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын ырастайт. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 15-кылымдын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоонун аймактарында, тагыраак айтканда Бешбалык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашып, кез-кезде алардын жерлери калмактардын колуна өтүп турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген түрк-монгол уруулары кийинчерээк өзбек жана казак элдеринин этникалык калыптанышында маанилүү роль ойногон. Абылхайрдын небереси Шейбани хан 16-кылымдын башталышында Мавераннахрды башкарып турган тимуриддерден (Султан Бабурдан) бийликти тартып алган жана ушул мезгилден Орто Азияда көчмөн өзбектердин бийлиги орногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1