Авантюралык роман (фр.- жорук -жосун) – каармандардын күтүлбөгөндөй ,таң калаарлык жорук-жосундарын, алар башынан кечирген укмуштуу окуяларды, курч кырдаардарды баяндаган чыгарма. Көбүнчө ойдон чыгарылган сюжеттер, кыялдан токулган сюжеттер, уламыштык мотивдер кенири пайдаланылат. Орто кылымдагы рыцарлардын жоруктары, соодагерлердин ар кыл эл-жерлерге саякаттары сыяктуу окуялар сүрөттөлгөн авантюралык романдар дүйнөлүк адабиятта көп кылымдар бою кызыгуу менен кабыл алынып келатат.

Колдонулган адабият: түзөтүү

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3