Авантюризм, саясий (фр. avantyre – окуя, тобокелчилик) – чыныгы абалды, объективдүү шарттарды, саясий күчтөрдүн жана каражаттардын жайгашышын, коомдук турмуштун өнүгүү мыйзам ченемин эске албай, оңой эле ийгиликке жетүүгө умтулган, тобокелге салган саясий ишмердүүлүк. Бул бийликтен кетип жаткан же демократиялык жол менен бийликке келүүгө мүмкүнчүлүгү жок топтордун аракеттерине мүнөздүү. Бийликти басып алуу же кармап туруу – авантюристтер үчүн башкы нерсе. Алар жетекчиликке алган принцип – «негизгиси чырды баштап коёлу, андан аркысын көрө жатарбыз». Адатта А. элди оор кесепеттерге дуушар кылат жана алар өз күнөөлөрү үчүн жоопкерчиликти моюндарына алышпайт.


Байланыштуу барактар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Саясат Таануу: энциклопедиялык окуу куралы, Башкы ред. Ү.Асанов, Жооптуу ред. А.Акунов, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9