Октавиан Август
Август Октавиан (б. з. ч. 63-ж. - б. з. 14-ж.) Рим императору (б. з. ч. 27-ж.). Биздин заманга чейин 44-ж. Гай Юлий Цезарь асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, императордун тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач Антоний жана Лепид менен бирдикте (2-триумвират), республикачыл сенаттын жол башчылары Брут менен Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Биздин заманга чейин 36-ж. Помпейдин аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Биздин заманга чейин 31-ж. Египетке каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негизги душманы Антоний менен Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин Август Рим мамлекетинин диктаторуна айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин Август Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. Август маанилүү саясий-административдик реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамына Испания толук каратылып, Египет, Мезия, Паннония, Германия провинциялары түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), маданият, адабият өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1