Автожүктөгүч (авто... жана жүктөгүч) — жүктү көтөрүп-ташуучу, дөңгөлөк менен өзү жүрүүчү машина. Кезеги менен алмаштырып турма жумушчу жабдыктардан (чөмүч, кыстарып-кыпчып, орой кетүүчү айры, түрмөктөр жана кыска түтүктөр үчүн штырь, чубурма материалдар үчүн чөмүч жана башка) турат. Ал дааналай жана чубурма жүктөрдү жүктөйт, түшүрөт, ошондой эле жайгаштыруу, которуп ташуу үчүн колдонулат. Жүк көтөрүмдүүлүгү 10 о келген автожүктөгүч кеңири колдонулат. Электр кыймылдаткычы менен жабдылган буга окшош машине электржүктөгүч деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1