Жүк - 1) түрмөктөлө бүктөлүп, төргө үстү-үстүнө жыйылган ала кийиз, алтыгат, жууркан, көлдөлөң, төшөк, жаздыктар. Жүк жыюу мурда боз үйгө шартташкан. Жүктүн алдына оймо-чиймелүү кооз такта төшөлүп, ага чачылуу «терме», «кажары» таар же кызыл, көк, жашыл сайма баркыт жабылып, тактанын үстүнө жагдан же сандык кырка коюлган. Алардын үстүнө жүк жыйылып, жүк килеми жабылып, үстүнө куш жаздыктар коюлган. Айрым жерде балыш-жаздыктар жыйналат. 2) Бир жерден экинчи жерге ташыла турган буюм, таңылчак жана башка нерселер.

Колдонулган адабияттар түзөтүү