Автоколлиматор (авто... жана лат. collineo — түз багыттайм) — бурчту так өлчөөчү өтө сезгич оптика-механикалык алет. Ал объективден жана күзгүдөн турат. Объективден өткөн нур күзгүлүү бетке чагылып, объективге кайра келет да, нерсенин так сүрөттөлүшүн берет. Автоколлиматор багыттоочулардын (станокто) тегиз жана түз экендигин текшерүү, бурчтарды өлчөө жана салыштыруу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.