Автономдук жана гетерономиялык этикетика

Автономдук жана гетерономиялык этика (гр. autos – өзү, же geteros – бөлөк) – Кант тарабынан киргизилген түшүнүк; адептүүлүктүн принциптери менен талаптарынын сырткы шарттарга жана максаттарга көз каранды эместиги жөнүндөгү идеяга таянган мораль системасы. «Тажрыйбалык акыл-эске сын» 1788-эмгегинде бул түшүнүккө мүнөздөмө берген Ал франциялык агартуучулардын теориясына карама-каршы койгон. Кант ушуну менен бүткүл адамзат үчүн адептүүлүк мыйзамдарды сырткы мажбурлоо боюнча эмес, ички ишеним боюнча түзүлө – турган жеке абийирдин өз алдынчалыгын негиздөөгө умтулган.

Колдонулган адбияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы.-Б.:2004,ISBN 9967-14020-8