Автордук баяндоо – чыгармадагы каармандын сөзүнөн башка окуянын ордун, мезгилин жана шартын сүрөттөгөн автордун речи, каармандардын мүнөзүн терең ачуу үчүн алардын кебине автордун кыстырмасы. Автордук баяндоо окуянын өнүгүшүн түшүндүрүп жүрүп отурат, көбүнчө сюжеттүү чыгармаларда, айрыкча, кара сөздө кеңири колдонулат.
Мис.,” Аза көчү Эне-Бейиттин жолун кадыресе арбытып койду. Күн чоң шашке болуп, ошол жеткен ордуна жетип калгансыйт. Сары-Өзөктүн чөлү калыбын жазбай, кадимкидей ысый баштады. Бирде саатын, бирде күндү, бирде алдыда керилип жаткан жайыкты карап коюп, Бороондуу Эдигей жол жүрүш ойдогудай эле баратканын өзүнчө белгилейт. Жанагыдай эле буурасы маң-маң желип, өзү алдыда, анын соңунан прицеп тарткан прицеп келет, анын соңунан дөңгөлөктүү эксковатор “Беларусь” коңузча күжүңдөп калбай келет. Жолборс болсо тилин салаңдатып желе-жорго капталда.”

Адабият түзөтүү

Ж.Шериев. А.Муратов. Адабият. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү/ Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. –Бишкек, 2004. –ISBN 5-89750-084-3