Автордук күбөлүк — ойлоп чыгаруунун автордук укугун күбөлөндүрүүчү документ. Автордун каалоосу боюнча ага автордук күбөлүк же ойлоп чыгаруунун патенти берилет. Жамааттардын ойлоп чыгарууларына, ошондой эле тигил же бул ишти аткаруунун натыйжасында аныкталган ойлоп чыгаруулар үчүн автордук күбөлүк ишканалардын атына жазылат. Патент берилген ойлоп чыгууларды пайдалануу укугу патенттин ээсине гана таандык болот. Кыргызстанда жаңы ачылыш жөнүндөгү автордук күбөлүк КРнын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигине катталгандан кийин берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1